НАРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КҮЧӨТҮЛГӨН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР БАШТАЛДЫ

  • 15.04.2026
  • 0

Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М. Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган мектептин директоруна “катуу сөгүш” жарыяланып, окуучунун класс жетекчисине жана социалдык педагогго катуу тартиптик чара көрүү сунушталды. Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, мектептин педагогикалык жамааты менен жолугушуу өткөрүлүп, анда мугалимдердин кесиптик этикасы, балдарды коргоо жана окуу процессиндеги коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле тобокел тобундагы балдар менен иштөө механизмдери боюнча атайын окутуулар уюштурулду.

Ошол эле учурда Нарын облусунда жаш өспүрүмдөр арасында зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңири профилактикалык иштер уланууда.

2026-жылдын 13-апрелинде Агартуу министрлиги, UNICEF жана Жамааттык ЖМКлар бирлиги тарабынан Нарын облусунда “Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө” аттуу профилактикалык жана окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.

НАРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КҮЧӨТҮЛГӨН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР БАШТАЛДЫ

Анын алкагында Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондорунун жана Нарын шаарынын мектеп жетекчилери менен социалдык педагогдору үчүн тегерек столдор жана тренингдер уюштурулуп, зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жолдору талкууланды.

Окуучулар үчүн интерактивдүү форматтагы жолугушуулар өтүп, видеоматериалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле Kahoot! платформасы аркылуу балдарды коргоо, бири-бирин колдоо жана коопсуз жүрүм-турум темаларында оюн форматындагы талкуулар өткөрүлдү. Активдүү катышкан окуучуларга чакан сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чараларга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана психологдор катышып, мугалимдерге практикалык колдонмолор берилди. Агартуу министрлигинен Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков да катышты.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер