Нарында жети жаштагы кызды өлүмүнө шектүү 12 жылга кесилди
- 27.09.2023
- 0
Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кызды өлүмүнө шектүү 12 жылга кесилди. Мындай чечимди Нарын райондук соту 22-августта чыгарган. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы облустук соттун басма сөз кызматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылган. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.
Ушул жылдын 28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кыз мектептен чыккан бойдон үйүнө кайтып барган эмес. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулганы аныкталган.
Кылмышка шектүү ошол эле айылдын 64 жаштагы тургуну шек саналып кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголголуп, шектүү каммкка алынган болчу.
Комментарийлер