НАРЫНДА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ДАЯРДЫКТАР ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 07.08.2026
  • 0

Нарын облусунда 2026–2027-жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгын караган жумушчу жыйын болуп өттү.

Жыйында аймактагы мектептер менен бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдык деңгээли, билим берүү уюмдарындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана аларды өз мөөнөтүндө аяктоо маселелери кеңири талкууланды.

Өзгөчө көңүл мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды сапаттуу ысык тамак менен камсыз кылууга бурулду. Бул багытта борборлоштурулган сатып алуу механизминин алкагында өткөрүлүүчү тендерлерди туура жана ачык-айкын уюштуруу зарылдыгы белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине төмөндөгүдөй конкреттүү тапшырмалар берилди:

  • Оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу бүтүрүү: Билим берүү уюмдарындагы ремонт иштерин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей, жогорку сапатта жыйынтыктоо;
  • Тендердик процесстерди тартипке келтирүү: Балдарды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча тендердик иш-чараларды КР мыйзамдарынын талаптарына толук ылайык, ачык жана калыс уюштуруу;
  • Көзөмөлдү күчөтүү: Жаңы окуу жылына даярдыктын жүрүшүн күнүмдүк көзөмөлгө алуу.

Аталган тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы тиешелүү жетекчилердин жеке жоопкерчилигине жүктөлдү.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер