Нарында Ормон Хандын 230 жылдыгы белгиленет

  • 20.09.2023
  • 0

Нарында Ормон Хандын 230 жылдыгы белгиленет

Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон Ниязбек уулунун (Ормон Хан) 230 жылдыгы белгиленет. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мааракенин алкагында Семиз-Бел айылында Кыргызстандын Мамлекеттик Туусу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылат.

Маданий иш-чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо болот. Ал эми мааракенин маданий бөлүгү Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында уюштурулат.

Ошондой эле улуттук ат оюндары Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой аймагында өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер