НАРЫНДА “ОКУУ КЕРЕМЕТ!”ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

  • 28.03.2024
  • 0

27-мартта Нарын шаарында “Окуу керемет” долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери” аталышында тегерек стол өттү.

НАРЫНДА “ОКУУ КЕРЕМЕТ!”ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Билим берүү министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова, Облусттук методикалык борбордун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин өкүлдөрү, балдар адабият китептеринин авторлору, Нарын облусундагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү долбоордун натыйжалары менен таанышып,  башталгыч билим берүү системасында долбоордун натыйжаларын туруктуулугун бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Долбоордун Нарын облусундагы жыйынтыктары:

  • 1 004  башталгыч класстардын мугалими окуучулардын окуу жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу, 750 мугалим математиканы окутуу ыкмасы, 336 методист жана мектеп администрация өкүлдөрү методикалык колдоо боюнча окутуу тренингдерине катышты,
  • 112 максаттуу мектептер мугалимдер үчүн дидактикалык материалдардын топтомун жана 148 540 нускадагы балдар китептерин алышты,
  • функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы иш-чараларга 110 000ден ашуун окуучу катышты.
Бөлүшүү

Комментарийлер