НАРЫН: ЖРТГА ЖАНА КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 30.09.2026

Нарын облусунда билим берүү мекемелеринин жаңы 2026–2027-окуу жылына карата даярдыгы жана күз-кыш мезгилине карата камылгасы талкууланган кеңешме болуп өттү. Жыйын КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетованын, аймактагы райондук мамлекеттик администрациялардын, Нарын шаарынын мэриясынын орун басарларынын, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда өттү. НАРЫН: ЖРТГА ЖАНА КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

Жооптуу жетекчилердин аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтары угулуп, аныкталган көйгөйлөрдү өз убагында чечүү, бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТга даярдыгын күчөтүү, билим сапатын жогорулатуу жана социалдык объектилердин күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүүсүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө алуу тиешелүү жооптуу жетекчилерге милдеттендирилди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү