НАРЫН ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТАРЫНДА МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНА ТАЛАПКЕРЛЕР ТЕСТТИ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРЫШТЫ

  • 30.09.2022
  • 0
ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО II АЙЛАМПА: НАРЫН ОБЛУСУНАН — 18, ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНАН – 38 ТАЛАПКЕР ТЕСТТИ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРДЫ. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 30-сентябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы болуп өтттү.

Ысык-Көл облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 132 талапкер документ жиберип, андан 99 адам тестирлөөгө катышуу укугун ээ болгон. 33 талапкер документтердин толук пакетин тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген жок.

Жыйынтыгында 38 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 41,7% түзөт.

Ал эми Нарын облусу боюнча тестирлөөнүн II айлампасына 76 адам документ жиберип, анын ичинен 20 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Жыйынтыгында 56 адам тестке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өткөн тестирлөөгө 50 талапкер катышып, алтоо тестке келген эмес.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 18 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 64%  түзөт.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 41, Нарын облусу боюнча 22 ваканттык орун бар болчу.

Бөлүшүү

Комментарийлер