НАРЫН: ТОО ТОПУРАКТАРЫНЫН ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 15.07.2026
  • 0

2026-жылдын 9–11-июль күндөрү Нарын шаарында академик А.М. Мамытов атындагы Кыргызстан топурак таануучулар коомунун VI Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү. Иш-чара AFACI уюмунун колдоосу менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын аймактык көп тармактуу институтунун базасында уюштурулду.НАРЫН: ТОО ТОПУРАКТАРЫНЫН ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ ТАЛКУУЛАНДЫИлимий жыйынга ата мекендик жана эл аралык окумуштуулар, тиешелүү министрликтердин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле жаш изилдөөчүлөр катышты. «Кыргызстандын Борбордук Тянь-Шань тоо топурактарынын учурдагы абалы» деген теманын алкагында катышуучулар климаттын өзгөрүүсүнүн жайыттар менен бийик тоолуу аймактардын топурак катмарына тийгизген таасирин, Чүй жана Нарын облустарындагы жердин эрозияга учурашын талкуулашты. Ошондой эле тоо экосистемаларына мониторинг жүргүзүүдө санариптик технологиялар менен жасалма интеллектти колдонуу жана фермердик чарбаларды климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлаштыруу маселелери каралды.НАРЫН: ТОО ТОПУРАКТАРЫНЫН ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ ТАЛКУУЛАНДЫКонференциянын алкагында катышуучулар Кочкор өрөөнү, Долон ашуусу, Жанбулак айылы жана Нарын дарыясынын жогорку агымында талаа-изилдөө экспедициясын өткөрүп, аймактын топурак катмарын изилдеп чыгышты. Мындан сырткары, Борбордук Азия университетинин Нарындагы кампусуна экскурсия уюштурулду. Эки күндүк иш-чара катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу жана маанилүү резолюцияны кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Кыргызстан топурак таануучулар коомунун кезектеги жыйыны 2028-жылга пландаштырылды.

А.К.,»КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер