НАРЫН РАЙОНУНДА 75 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 05.09.2023
  • 0

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу  бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Курулуш ишин «М-Стард» курулуш ишканасы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 миллион сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланды.

«Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды», — деп айтылат маалыматта.

Бала бакчанын ачылыш аземине президентитн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров жана башка мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Билим уясынын ачылыш аземи бөбөктөрдүн концерттик программасы жана куттуктоолор менен коштолуп, майрамдык маанайда өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер