НАРЫН ОБЛУСУНДА КАНЧА МЕКТЕП, КАНЧА ОКУУЧУ БАР?

  • 06.02.2023
  • 0

Нарын облусундагы кайсы райондордо окуучулардын жана орто мектептердин саны көп экени боюнча аймактык кабарчы сураштырып чыккан.

НАРЫН ОБЛУСУНДА КАНЧА МЕКТЕП, КАНЧА ОКУУЧУ БАР?

Маалым болгондой,  облус боюнча жалпы беш район жана бир чоң шаар бар. Окуучулардын жана мектептердин саны боюнча Кочкор району 1-орунда болсо, ал эми окуучулардын саны боюнча Ак-Талаа району соңку орунда, Нарын шаары мектептердин саны боюнча артта.

1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны: Кочкор районундагы 35 мектепте 13 917 окуучу; Ат-Башы районундагы 21 мектепте 11 083 окуучу; Нарын районундагы 34 мектепте 9686 окуучу; Нарын шаарындагы 8 мектепте 9394 окуучу; Жумгал районундагы 24 мектепте 9232 окуучу жана Ак-Талаа районундагы 18 мектепте 7002 окуучу бар.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер