НАРЫН: 148 МИЛЛИОН СОМГО МЕКТЕП САЛЫНДЫ
- 22.08.2026
- 0
Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылындагы А.Тыныбеков атындагы орто мектебине 148 миллион сомго жаңы имарат курулду.

Маалыматка ылайык,билим уянын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Эки жыл аралыгында 375 окуучуга ылайыкталган эки кабат имараттын курулушу аяктап, жаңы окуу жылында пайдалнууга берилет.
Долбоор алкагында мектептин ичи толук эмеректер менен жабдылат. Ошондой эле спорт зал, жыйындар залы, ашкана бар жана мектеп сыртында волейбол аянты жасалып жатат. Мындан тышкары мектеп айланасы тосулуп, көрктөндүрүлөт. Ал эми демөөрчүлөрдүн жардамында мектепке көзөмөл камералар жана акылдуу коңгуроо орнотулган.
Маалымат үчүн белгилесек, аталган мектепте 610 окуучу билим алат. Мектептин биринчи корпусу 1960-жылы ашар жолу менен салынган. Бул корпус толук бузулуп ордуна жаңы мектеп салынды. Ал эми экинчи корпусу 1970-жылы мамлекеттин колдоосунда курулган. Быйыл 192 миң сомго кезектеги ремонт жүрүп окуу жылына даяр.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер