НАРК — УЛУТ УҢГУСУ

  • 13.04.2023
  • 0

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Анарбек Токтогожоев атындагы Көк-Сай орто  мектебинде Энелер мектеби тарабынан «Нарк — улут уңгусу» деген темадагы иш-чара болуп өттү.

НАРК - УЛУТ УҢГУСУ

НАРК - УЛУТ УҢГУСУ

Мектеп директору А.Чодорованын берген маалыматына таянсак, “Энелер мектебинин” активдүү катышуучулары, Көк-Сай айымдар кеңешинин мүчөлөрү, «Ак элечек» шайыр апалар жана айылдын аксакалдары келип катышкан.

— Иш-чаранын максаты — энелер менен биргеликте улуттук нарктуу балдарды тарбиялап, жашоодо өз ордун тапкан инсан кылып өстүрүү. Аталар келип бата берүү менен бирге  батанын түрлөрүн айтып өтүштү. Энелер активдүү катышып, жакшы ойлор жана сезимдер менен кетишти. “Энелер мектебин” жетектеген Ж.Бешкемпирова, Д.Кадыровалар сабакты жогорку деңгээлде өтүштү, — дейт мектеп жетекчиси.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер