НАРК БАШАТЫ-МАНАСТАН

  • 13.03.2025
  • 0

НАРК БАШАТЫ-МАНАСТАНЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу М.Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплексинде   профессор С.Байгазиевдин катышуусунда  «Нарк башаты- Манастан» аттуу райондук семинар өтүлдү.

Бул тууралуу мектептин директору, билим берүүнүн мыктысы  Орозалы кызы Лира айтып берди. Райондук  семинар  Президенттин » Улуттук нарк жөнүндөгү», » Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы- » Манас» эпосунун үчилтигин ( » Манас», » Семетей» , » Сейтек») ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын турмушка ашыруунун алкагында өтүлдү.  Ага  профессор С. Байгазиев, Ч. Айтматов атындагы китеп  фондунун жетекчиси С. Темиралиев, көрүнүктүү педагог Б. Жусупова , райондук мектептерден класстан тышкаркы иштердин уюштуруучулары, ата- энелер катышты.

Семинарда көрүнүктүү педагог окумуштуу, белгилүү адабиятчы аалым, публицист, акын, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ф.и.д. профессор Советбек Байгазиев  “Манас” эпосу жөнүндө балдар дүйнөсүн ойготкон, ойлонткон философиялык, педагогикалык ой толгоолор тууралуу кеңири сөз козгоп, улуттук нарк,  каада- салт жөнүндө уңгулуу  кебин айтты. Анын сөзүн  Ч. Айтматов атындагы китеп фондунун жетекчиси  Смальтбек Темиралиев жана “Нарк”, ”Табият жана нарктуулук”, ”Баласагындын китебиндеги таалим-тарбия” китептеринин автору,  тажрыйбалуу,  педагог, билим берүүнүн отличниги Бүбүкан Жусуповалар улап, окуучуларга, мугалимдерге “сөздүн күчү” жөнүндө асыл, көрөңгөлүү ой толгоолорун бөлүштү. Ал эми  райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Максат Молдалиева  семинарды жогору баалап, уюштуруучуларга ийгилик каалады.

НАРК БАШАТЫ-МАНАСТАН

Иш чарада сүрөт,  улуттук тамак аш, дары  чөптөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.   Өзгөчө, жаш сүрөтчү,  9-класстын окуучусу Наргиза Тешебаеванын  “Манас менин кыялымда” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

-Мындан сырткары унутта калып бара жаткан улуттук баш кийимибиз элечекти жаш муундарга таанытуу максатында атайын элечек ороо, кийиз жасоо, сайма саюу боюнча  мастер — класстар өтүлдү. Мектептин таланттуу окуучулары “Манастан” үзүндү айтышып, комузда кол ойнотуп, күү чертип, өз өнөрүн тартуулашты,- деди директор, билим берүүнүн мыктысы Орозалы кызы Лира.

Ибраим ЧОТОВ, “Кут Билимдин» өз кабарчысы.

Бөлүшүү

Комментарийлер