“НАРИСТЕДЕ” БӨБӨКТӨР ЭНЕ ТИЛДИ ҮЙРӨНҮШӨТ

  • 06.12.2021
  • 0

Борбор шаарыбыздагы “Наристе” бала бакчасындагы балдар кыргыз тили сабагын мамлекеттик Гимнди кыргыз тилинде ырдоо менен башташат. 

Кыргыз тили мугалими Майрамкан Жумаканова “Наристе” бала бакчасынын тарбиячыларына кыргыз тилин оюнчуктар, сыр сандык, колдун моторикасын өнүктүрүүчү оюндар ж.б. ыкмалардын жардамы менен үйрөткөнгө аракеттенип келет. Тилчи адис мамлекеттик тилди тили чыга элек балдарга үйрөтүү жеңил эмес экендигин, буга аларга үйлөрүндө ата-энеси жакындан жардам бериши керектигин баса белгилейт. Балдар тилинин келишине жараша ырларды ырдашып, Манас айтышат жана башка улуттук оюндарды кызыгуу менен ойношот. Андан тышкары, театрлаштырылган сабактарды өтүүгө басым жасашууда. Кыргыз тилин бөбөктөргө үйрөтүүдө аларга Муса Жангазиев атындагы куурчак театры жардам берүүгө даяр.
— Бөбөктөргө кыргыз тилин үйрөтүүнү биринчи кезекте үй-бүлөдөн баштоо керек, ата-энелер үйлөрүндө жаңы тили чыгып келаткан балдарга көрмө каражаттарды көрсөтүп, кыргыз тилиндеги китептерди көбүрөөк окуп беришсе бизге кыйла жеңил болмок, — дейт Майрамкан Жумаканова.
Бакчада балдар кыргыз тили менен эле чектелбестен орус, англис тилдерин да үйрөнүшөт.
Баш калаадагы прокуратура кызматкерлеринин балдары барган кыргыз тилиндеги “Наристе” бала бакчасында учурда алты тайпада 200дөй бала тарбияланат.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер