“Наристе” билим берүүгө артыкчылык берилет

  • 28.08.2023
  • 0

Балдарды мектепке чейинки билим берүүгө камтуу жыл сайын 10 пайызга өсүп турат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри К.Иманалиев “Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” деген аталышта Бишкекте өтүп жаткан педагогдордун август кеңешмесинде билдирди.

Бала бакчага барган балдар менен бакчага барбаган балдардын айырмасы 12 эсе болгондуктан, бөбөктөрдү беш жашынан тартып мектепте окутуунун да кайтарымы чоң. “Бала бакчага барбаган баладан бир доллар кайтарым болсо, бала бакчадан даярдалган бала 16 доллар киреше алып келет. Андыктан “Наристе” билим берүүгө артыкчылык берүү менен, бөбөктөрдү бала бакчага тартуу деңгээлин 24 пайыздан 26 пайызга чыгарсак, мындан ары жыл сайын 10 пайыздан көбөйтүп турууну максат коюудабыз” — деди министр.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер