КР АЙМАКТАРЫНДА IT-АКАДЕМИЯ ҮЧҮН ТРЕНЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ
- 13.05.2019
- 0
Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ) “Сорос-Кыргызстан” Фонду менен биргеликте КРнын Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад областарына информатика мугалимдерин кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
Долбоор өзүнүн ишин 2019-жылдын март айынан баштаган, Кыргызстандын беш аймагын камтыйт жана информатика мугалимдерин жана эмгек рыногунда талап кылынган билимге ээ, күчтүү окутуучу кадрларды даярдоо үчүн кесиптик-техникалык билимдин баштапкы жана орточо чөйрөсүндөгү окутуучулардын адистигин жогорулатууга багытталган. Бул долбоор аймактарда IT-дисциплинанын кесипкөй окутуучуларынын жетишпей жаткандыгынын маселесин чечет жана ошону менен бирге, IT-курстардагы студенттердин билим деңгээлинин өсүүсүнө таасир этет. Бул IT-компаниялардын кадрларга болгон талабын канааттандырууга салым кошууга мүмкүндүк берет.
Даярдалган тренерлер маалыматтык технология жаатында базалык практикалык ыкмаларга үйрөнүшөт жана андан ары эмгек рыногунда талап кылынган ыкмаларды студенттерге окута алышат (IT-Академиянын жана башка IT-борборлордун, колледждердин жана лицейлердин базасында).
- КАТЫШУУЧУЛАРДЫ ТАНДОО:
- Тандоо комиссиясы:
Комиссиянын курамына: IT боюнча адис, билим берүү маселелери боюнча серепчи, долбоордун жетекчиси жана координатору кирет.
Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн билим берүү жана IT чөйрөсүндө тиешелүү тажрыйбалары жана адистиктери бар.
- Курстун катышуучулары:
- IT окутуу тармагындагы кызматкерлер (информатика мугалимдери, IT жана чектеш сабактардын окутуучулары), фрилансерлер, IT тармагынын кызматкерлери;
- КРнын бардык аймактарынын тургундары.
1.3. Арыз берүүгө жалпы талаптар:
Биринчи этап – онлайн-арыз. Долбоорго катышууга онлайн анкета https://forms.gle/rQnAGFJMdVGGree76 шилтеме аркылуу толтурулат жана тандоого катышууга милдеттүү критерий болуп эсептелет. Анкеталар 2019-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат.
Экинчи этап – Тандоо комиссиясы арыздын онлайн-формасын караштыргандан кийин талапкерлер менен байланышат. Тандоо комиссиясына төмөндөгү документтердин пакетин 2019-жылдын 20-июнь айына чейин [email protected] дарегине жөнөтүү зарыл:
- Резюме;
- Сканерден өткөрүлгөн ID-паспорт;
- Акыркы алган билими жөнүндө күбөлүк (аттестат/ диплом);
- Жумуш берүүчүнүн сунуштоо каты.
Бардык документтер бир кат менен “Тренерлерди кабыл алуу. 2-тур. Аты-жөнү”, каттын темасын көрсөтүү менен жиберилиш керек.
Үчүнчү этап – жарым финалга чыккандар менен СКАЙП аркылуу маектешүү (25-30-июнь, 2019-ж.).
2.3. Катышуу жана тандоо критерийлерин шарттары:
— онлайн-арыздын толтурулган формасы;
— долбоорго катышуу үчүн чыгымдардын бир бөлүгүн төлөөгө даяр экендиги, т.а.:
- окутуу үчүн ноутбуктун бар болушу,
- онлайн окутуу учурунда Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү,
— Бишкек шаарындагы программага катышуу мүмкүнчүлүгү;
— техникалык англис тилин билүү — базалык деңгээл;
— ПКны абдан жакшы денгээлде билүү:
- Microsoft Office, Интернет,
- HTML жана CSS (милдетүү эмес),
- Python же JavaScript тилинде программалоо (милдеттүү эмес),
- окуу аяктагандан кийин эки жыл ичинде аймактык IT академиясынын окутуучусу болуп иштөөгө жөндөмдүүлүгү жана даярдыгы.
- ТРЕНЕРЛЕРДИ ОКУТУУ:
Долбоор 2019-жылдын мартында ишке кирген. Тандоо туру 2019-жылдын 13-майынан 1-июлга чейин жүрөт. Окутуу мөөнөтү – 2019-ж. август-декабры. Окутуу бардык катышуучулар үчүн төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:
Август, 2019 -ж. (5күн) – топторго бөлүп окутуу, Бишкек шаарында;
Сентябрь-ноябрь, 2019 -ж. – дистанциялык окутуу;
Декабрь, 2019 -ж. (5 күн) – окутуунун акыркы этабы жана сертификат берүү, Бишкек шаарында.
Окутуу тили – орусча, кыргызча.
Маалымат үчүн байланыш: [email protected]
____________________________________
Комментарийлер