Н. Жүндүбаева атындагы инновациялык мектеп – ийгиликтин жана жаңычылдыктын ордосу
- 30.06.2026
- 0
Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектеп өлкөдөгү 53 инновациялык мектептин бири катары билим берүү тармагында заманбап ыкмаларды ийгиликтүү ишке ашырып келет. Инновациялык мектеп макамын алгандан бери билим берүү сапатын жогорулатууга, окуучулардын чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Мектепте билим берүү процесси окуучунун жөндөмүн, кызыгуусун жана жеке өзгөчөлүгүн эске алуу менен уюштурулат. Сабактарда заманбап окутуу технологиялары, долбоордук иштер, практикалык тапшырмалар жана санариптик ресурстар кеңири колдонулат. Мындай ыкмалар окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк көндүмдөрүн жана турмуштук маселелерди чечүү жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган.
Мунун жыйынтыгында окуучуларыбыз облустук олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп, республикалык этаптарга чейин ийгиликтүү өтүп келишет.
Ал эми быйылкы окуу жылында окуучу Абылаева Айдай ЖРТдан 239 упай топтоп, мектепке төртүнчү «Алтын сертификатты» алып келди.

Инновациялык мектептин негизги артыкчылыктарынын бири – билим берүүнү теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу уюштуруу. Окуучулар алган билимдерин ар кандай долбоорлордо, эксперименттерде жана практикалык иштерде колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул алардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесиптик багытын аң-сезимдүү тандоого жардам берет.
STEM билим берүү – келечектин негизи
Инновациялык мектепте STEM (илим, технология, инженерия жана математика) багыты артыкчылыктуу орунда турат. Бул багыт окуучулардын чыгармачылык менен аналитикалык ой жүгүртүүсүн айкалыштырып, аларды турмуштагы реалдуу маселелерди чечүүгө даярдоого багытталган.

STEM сабактарында окуучулар өздөрүнүн идеяларын ишке ашырып, ар кандай моделдерди жана макеттерди даярдашат, инженердик жана технологиялык долбоорлорду түзүшөт. Алар изилдөө жүргүзүүнү, маалыматтарды талдоону, эксперимент жүргүзүүнү жана жыйынтык чыгарууну үйрөнүшөт. Долбоорлордун жыйынтыгы мектеп ичинде уюштурулган көргөзмөлөрдө сунушталып, окуучулар өз эмгектерин коргоп чыгышат.
Мындай окутуу форматы окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, командада иштөө жөндөмүн, лидерлик сапаттарын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, аларды келечектеги кесиптик жашоого даярдоодо маанилүү роль ойнойт.
Профилдик окутуу – келечектеги кесипке багыт
Он эки жылдык билим берүү системасына өтүү менен мектепте профилдик окутууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Профилдик окутуунун негизги максаты – окуучулардын жөндөмүн, кызыгуусун жана келечектеги кесиптик тандоосун эске алуу менен сапаттуу билим берүү жана ар бир окуучунун жеке потенциалын толук ачууга шарт түзүү.

Бул багытта мектеп райондогу кесиптик лицей менен тыгыз кызматташып, окуучуларды ар түрдүү кесиптер менен тааныштыруу, практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу жана кесипке багыт берүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүп келет. Мындай кызматташтык окуучуларга эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер тууралуу кеңири маалымат алып, өз кызыгуусуна ылайык кесиптик багытын эрте аныктоого жардам берет.
Ошону менен катар мугалимдер жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык окуу программаларын өздөштүрүп, компетенттүүлүккө негизделген окутууну, долбоордук усулдарды жана санариптик технологияларды кеңири колдонушат. Окутуу процессинде окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн, коммуникациялык көндүмдөрүн жана практикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат.

Жаңы окуу жылында министрлик тарабанын мектебибиз заманбап лабораторияларык жана маалыматтык-коммуникативдик жабдуулар менен камсыздалганы турат. Жаңыланган билим берүү мейкиндиги STEM багытындагы сабактарды жана профилдик окутууну дагы жогорку деңгээлде уюштурууга шарт түзүп, окуучуларга сапаттуу билим алуу менен бирге өзүнүн кызыгуусуна жараша келечектеги кесиптик жолун ишенимдүү тандоого кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Асанова Дамира Орозобековна – мектеп директору
















Комментарийлер