Н.С.ДЖУСУПБЕКОВА: «АРАЛЫКТАН ОКУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ БОЛУШУНА БААРЫБЫЗ ЖООПТУУБУЗ»

  • 04.04.2020
  • 0

4-апрелде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова 8-апрелде башталуучу аралыктан окутууга даярдык тууралуу Өкмөт үйүндө брифинг берди.

 

Брифингде төртүнчү чейректи аралыктан окутуу чечими коронавирус оорусуна байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан улам кабыл алынганы баса белгиленди.

— Аралыктан окутуунун натыйжалуу болушуна баарыбыз жооптуубуз. Бул ишти жалаң мугалимге жүктөп койгон болбойт. Ата-энелер, коомчулук текши колдоосу зарыл, — деди Надира Сынташевна.

Брифингден алынган маалыматка таянсак, 8-апрелден тартып мектеп жашына чейинки балдар жана 1-4-класстардын окуучулары видеосабактарды «Баластан» телеканалынан, ал эми 5-11-класстардын окуучулары Санат, ЭлТРдин Илим жана билим, 5-канал жана “Пирамида” каналдарынан  күн мурунтан берилген жүгүртмөге ылайык көрө алышат.

Аралыктан окутууда окуучулар менен кайтарым байланышты камсыз кылуу өтө маанилүү.

— Биз буга чейин мугалимдерге кайтарым байланышты түзүү боюнча нускамаларды бергенбиз. Мугалимдер Zoom, WhatsApp  видеоплатформалары аркылуу окуучуларга тапшырма берип, туура же туура эмес аткарылганын текшере алышат, -деп айтты Билим берүү жана илим министринин орун басары.

А.Алибеков, «КутБилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер