ӨНӨР ЖАРЫШЫ ЖАНА УЛУТТУК ОЮНДАР: ФЕСТИВАЛДЫН ҮЧҮНЧҮ КҮНҮ ӨЗГӨЧӨ ШАҢ МЕНЕН ӨТТҮ
- 29.06.2026
- 0
Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан «Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» республикалык жайкы фестивалы өзүнүн кызыктуу программалары менен уланууда. Аталган маданий иш-чаранын үчүнчү күнү катышуучулардын өзгөчө даярдыгы, чыгармачылык кубаты жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматы менен эсте калды.
Маданий мурастар
Бул күндүн негизги бөлүгү «Өз аймагынын маданий мурасын таанытуу» багытына арналды. Өлкөнүн булуң бурчунан келген таланттуу жаштар өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн, каада-салттарын жана маданий байлыгын сахнада чагылдырып беришти.

Аянтчада атаандаштык эмес, накта өнөр майрамы орун алды. Алсак, «Байчечекей» үлгүлүү этнографиялык комузчулар ансамбли «Сезимдеги толгоо» күүсүн комузда кол ойнотуп ажайып күүнү жаңыртышса, Оштон келген «Келечек» чыгармачылык борборунун тарбиялануучусу Баяман Токтакунов жандуу үн менен «Бульварымды» созолонто аткарып калыстар тобунун калыс баасына татыктуу болду.
Ал эми бийчилер тобу: «Ассоль», «Zirek Бишкек», «Zirek Сузак», «Zirek Кочкор-Ата», «Zirek Барпы», «Zirek Базар-Коргон, «Асман Старс» жана «Келечек Кара-Көл» топтору муундан муунга өтүп келген элдик бийлерди тартуулашты.

Ар бир топ өзүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын далилдеп, калыстар тобунун калыс баасын жана көрүүчүлөрдүн алкышын алышты.
Көл жээгиндеги улуттук оюндар
Фестивалдын экинчи бөлүгү кызуу спорт жана шаңдуу маанай менен коштолду. «Көлдүн жээгиндеги улуттук оюндар» сынагында командалар билек түрө мелдешке чыгышты. Бабалардан калган улуттук оюндар Ысык-Көлдүн жээгине көрк кошуп, катышуучулардын арасындагы ынтымакты жана командалык духту бекемдеди. Спорттук оюндарды «Сейтек» борборунун Ушу-Кунфу мектеби уюштурду. Бул сынакка Кара-Көлдөн келген «Келечек», Бишкектен «Шаттык», «Ассоль», «Алмаз», Зирек, «Зирек — Сузак», «Периште», «Ариет», «Азия — Нур», «Зирек — Кочкор-Ата» жана «Азем» топтору муундарды байланыштырган кыргыз оюндары менен катар заманбап спорттук оюндарда өздөрүнүн мыкты физикалык жана тактикалык даярдыктарын көрсөтө алышты.

Фестиваль өз максатына жетип, жаштардын ата-бабадан калган рухий жана маданий мурастарды аздектей билүүсүн дагы бир жолу айгинеледи. Иш-чара алдыда дагы жаңы ачылыштарды убада кылат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»























Комментарийлер