“ӨНӨР СЕРЕСИ” АТТУУ ДИЛ МАЕК ӨТӨТ

  • 29.06.2020
  • 0

Онлайн Университети платформасы 1-июлда саат 17:00дө «ӨНӨР СЕРЕСИ» аттуу дил маек өткөрөт.

“ӨНӨР СЕРЕСИ” АТТУУ ДИЛ МАЕК ӨТӨТ

Ага “Алыстагы ак жарык” ыр китебинин автору, акын Нарсулуу Гургубаева, белгилүү обончу жана аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты Түмөнбай Колдошев жана жаш акын Абдысамат Сарала катышат.

Программада аталган өнөр ээлери өздөрүнүн чыгармачылык изденүүлөрү жана учурдагы кыргыз поэзиясынан байкалган багыттар жана тенденциялар тууралуу ой бөлүшүшөт.

Белгилей кетсек, Онлайн Университети платформасынын адабият жана искусствого арналган “Өнөр сереси” дил маектер сериясы мындан ары кыргыз искусствосундагы чыгармачыл инсандар менен баарлашууларды уюштурмакчы.

https://zoom.us/j/96344805909?pwd=aFRpdms0SVlRWUVsODhKalBMUG0ydz09

 

Бөлүшүү

Комментарийлер