ӨНӨР МАЙРАМЫ: «СЕЙТЕК» БОРБОРУ ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫН БАШЫН БИРИКТИРДИ
- 28.06.2026
- 0
Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээги бүгүн өзгөчө шаңга бөлөнүп, өлкөнүн булуң-бурчунан келген таланттуу өспүрүмдөрдүн башын бириктирди. Агартуу министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен биргеликте уюштурган «Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» аттуу республикалык жайкы фестивалдын салтанаттуу ачылышы өттү.
Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй региондорунан жана Бишкек шаарынан чогулган чыгармачыл топтор өздөрүнүн өзгөчө өнөрлөрүн ортого салышты.
Фестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн «Сейтек» борборунун директору Эрик Латыпов касиеттүү Ысык-Көлдө чыгармачыл, таланттуу балдардын башын бириктирип, жайкы эс алууну уюштуруп берген Агартуу министрлигине өз ыраазычылыгын билдирди.
— «Сейтек» борбору кошумча билим берүүнүн флагманы болуп саналат. Адатка айланган фестивалдын бул жолку максаты — өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдарды өз ара тааныштырып, достугун чыңдоо. Фестивалга келген өспүрүмдөрдүн сахнага кийген кийим өзгөчөлүктөрү жана багыттары менен таанышып, жалпы кызыкчылыктардын айланасында баш кошуусу абдан маанилүү. Бул иш-чара «Сейтектин» 90 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат, — деп баса белгиледи борбордун жетекчиси.

Ыргакка толгон сахна, көздүн жоосун алган кийимдер
Ошентип, сахнанын көркүн ачкан өнөрпоз балдардын көздүн жоосун алган кийимдери, ар бир топтун аткарган бий-күүлөрү көрөрмандардын купулуна толду. Кеченин пардасын фестивалдын кожоюну катары «Сейтек» борборунун “Байчечкей” элдик үлгүлүү этнографиялык жана «Азем» фольклордук ансамблдери “Алтын балалык” күүсү менен ачып беришти.
Андан соң, алып баруучулардын суктануу менен берген жарыясы астында сахнага «Шаттык» элдик бий ансамбли чыгып, «Кыз кыялы» бийин тартуулады. Кыргыз кызы ар дайым сулуулуктун, назик мүнөздүн жана акылмандыктын символу болуп келгенин айгинелеген бул бий көрүүчүлөрдү кыздардын аруу дүйнөсүнө жетеледи.

Андан соң заңкыйган бийик тоолордун, тунук көлдөрдүн жана меймандос элдин мекени болгон Кыргызстанга болгон сүйүү ар бир кыймылынан сезилген «ZIREK Манас» ансамбли «Кереметтүү Кыргызстан» аттуу номери менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми эл арасында сүймөнчүлүккө ээ болгон шаңдуу кыргыз бийи — «Камажайды» болсо «ZIREK Ош» жамааты жогорку деңгээлде аткарып берди.
Бабалар аманаты жана улуттук рух
Кыргыз эли кылымдар бою эрдикти, намысты жана мекенге болгон сүйүүнү аздектеп келген. Ата-бабаларыбыздын жоокерчилик өнөрүн, мергенчилик салтын жана кайраттуулугун даңазалаган «Саадак какты» бийи фестивалдын көркүн ачты. Улуттук рухту даңазалаган Базар-Коргондун «ZIREK» жамааты «Көк-Бөрү» номерин сахнага алып чыкканда, залда отургандардын эсине төмөнкүдөй саптар келгени анык.
Көк бөрүдө күч сыналат,
Намыс менен жол табылат.
Тулпар дүбүрт салган кезде,
Кыргыз руху даңкталат!
Ордолуу Ош шаарынан келген өнөрпоздор да шаңга шаң кошушту. «Ордо» комузчулар ансамбли залкар күү «Маш ботойду» катыра чертсе, Ош шаарынын «Келечек» балдар чыгармачылык борборунан келген «Нур» бий ансамбли «Ала-Арча» бийин көрүүчүлөргө сунуштады. Ала-Арчанын ак мөңгүсүн, аруулуктун белгисин бий тили менен жеткирген өспүрүмдөргө элдин кол чабуулары узакка созулду.
Музыка өнөрүнүн залкар өкүлү Атай Огонбаевдин «Кыз кербез» күүсү кыргыз кызынын сулуулугун, назиктигин жана керемет mүнөзүн даңазалап турду. Бул керемет күүнү Ош шаарынан келген «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун «Айгине» тобу аткарды.
Балдардын кыялдары дүйнөнү тазараак жана жарыгыраак кылат эмеспи. Сахнага «Периште» бий студиясы «Алтын балалык» номери менен чыкканда, көрүүчүлөр жомок сымал ажайып дүйнөгө баргандай болушту. Ал эми улуттук рухтун күчүн, жашоонун ыргагын чагылдырган байыркы «Кара жорго» бийин «Алмаз» ансамбли көрүүчүлөргө тартуулады.
Бул кечеде байыркы салтыбыз гана эмес, заманбап өнөр да өз ордун тапты. Заманбап бий — бул энергия, кыймыл жана жаркын эмоциялар. Жаштыктын ушул өзгөчө тилинде «Азия Нур» ансамбли «Эстрада бийи» менен сүйлөп берди. Ошондой эле ар бир кыймылына терең маани камтыган «Ассоль» элдик бий ансамбли да көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Иш-чарада спортко да өзгөчө орун берилди. Эрктүүлүктү, тартипти жана жеңишке болгон умтулууну көрсөткөн Дүйнөлүк Таэквондо секциясынын тарбиялануучулары жана «Сейтек» борборунун Кунфу Ушу мектебинин спортчулары Чыгыш уруш өнөрүнүн сулуулугу менен ички гармониянын айкалышын ийгиликтүү көрсөтө алышты.
Маданияттардын көп түрдүүлүгү
Илгертен бери кыргыз элинде жарчылар элге жакшылыктын кабарын жеткирип келишкен. Ош шаарынын «Келечек» борборунун «Арууке» бий ансамбли «Жарчы» номери аркылуу ушул каада-салтты заманбап сахнага алып чыкты. Ошону менен бирге эле, таң нуруна чайкалган жайлоо көркүн чагылдырган «Тоо гүлдөрү» бийи көрүүчүлөрдү суктандырды. Көп улуттуу өлкөбүздүн бай маданиятын даңазалап, «Асман-stars» ансамбли шайыр «Андижанча» бийин тартуулаганда, залда отургандар шаңга бөлөнүштү.

Программанын соңунда, ар бир кыймылында улуттун тарыхы, ар бир ыргагында тоолордун деми сезилген кыргыз бийин “Ариет” хореографиялык ансамбли өзгөчө сыймыктануу менен тартуулап, концерттик программаны жыйынтыктады.
Биримдиктин жана достуктун кечеси

Бүгүн Кыргызстандын бермети болгон ыйык Ысык-Көлүбүздүн жээгинде өлкөбүздүн ар аймактарынан келген таланттуу жаштар бир сахнага чогулуп, өлкөбүздүн бай маданияты, каада-салты, достугу жана биримдигин даңазаланды.
Алдыдагы күндөрдө фестивалдын катышуучуларын дагы көптөгөн кызыктуу жолугушуулар, жаңы достуктар, шайыр сынактар жана унутулгус көз ирмемдер күтүп турат. Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан бул фестиваль ар бир катышуучунун жүрөгүндө өмүр бою жылуу эстелик болуп сакталып калары шексиз!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер