«ӨНӨР ААЛАМЫ» КӨРГӨЗМӨСҮ

  • 14.05.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы КРнын Сүрөтчүлөр Кошунунун Эмен багындагы көргөзмө залында «Өнөр ааламы» аталышындагы көркөм чыгармачылык эмгектердин көргөзмөсү ачылды.       

И.Арабаев атындагы КМУнун көркөм маданият жана билим берүү факультетинин окутуучулары менен студенттери тарабынан уюштурулган бул көргөзмө белгилүү агартуучу жана коомдук ишмер  И.Арабаевдин 140 жылдыгына, И.Арабаев атындагы КМУнун 75 жылдыгына жана СССР Эл сүрөтчүсү, Социалисттик эмгектин баатыры Г.Айтиевдин 110 жылдыгына арналды. “Өнөр ааламында” көрүүчүлөр живопись, графика, скульптура, колдонмо-жасалга кол өнөрү, зер буюмдар, булгаары ж.б. көркөм чыгармачылык эмгектер менен тааныша алмакчы.«ӨНӨР ААЛАМЫ» КӨРГӨЗМӨСҮ

Бул салтанаттын ачылыш аземине аталган окуу жайдын ректору КР УИ Академиясынын корреспондент-мүчөсү, т.и..доктору, профессор Т.Абдырахманов баштаган окуу жайдын жетекчилери, кызматкерлери жана студенттери катышты.

Көркөм маданият жана билим берүү факультетинде көркөм билим берүү, көркөм өнөр, музыка адистиктери жана технология боюнча мугалимдерди даярдайт. Мындан сырткары кастюмду көркөм долборлоо жана дизайн, айлана-чөйрөнүн дизайны жана көркөм эмгекке үйрөтүү адистиктери да бар. Көркөм эмгекке үйрөтүү адистигинде студенттерге түстүү металлды, булгаарыны кооздоп иштетүү тереӊдетилип үйрөтүлөт. Факультетте КР Эл сүрөтчүлөрү университеттин ардактуу профессору, доцент скульптор Б.Сыдыков, профессор Ю.Шыгаев жана КРнын сүрөтчүлөр уюмунун мүчөлөрү живописчилер Д.Ибраев, М.Заркунов, ф.и.к. доцент У.Закиров, зергер-сүрөтчү Р.Мамбетакунов, колдонмо-жасалга кол өнөрү боюнча адис Л.Амираева, ага окутуучулар Н.Ирсалиева, Н.Молдогазиев, А.Асаналиева, Л.Мажитова, ал эми музыка кафедрасында КР Эл артисттери обончу-композиторлор А. Бөдөшов, Э. Мааданбеков, КРнын эмгек сиӊирген артисти обончу К. Артыков, маданияттын мыкты кызматкери обончу-аткаруучу А.Батыров ж.б. өз билген билим-тажрыйбаларын студенттерге талыкпай окутуп-үйрөтүп келишет. Костюмду көркөмдөп долборлоо жана дизайн кафедрасында кафедра башчысы, п.и.к. доцент Ж.Сулайманованын жетекчилиги менен кафедрада эмгектенген окутуучулар менен студенттер республикада жана чет мамлекеттерде өткөрүлгөн кароо-конкурстарга байма-бай катышып байгелүү орундарды алып, университеттин намысын коргоп келишет.

Уюштуруучулар окутуучулар менен студенттердин жаңы чыгармаларды жаратуусуна   шык берүүчү мындай көргөзмөнү жыл сайын өткөрүүнү салтка айландыра тургандыктарын айтышууда.

 

Лайли АМИРАЕВА,

И. Арабаев атындагы КМУнун

Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин

Көркөм сүрөт өнөрү жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу,

КРнын билим берүүсүнүн отличниги,

КРнын Сүрөтчүлөр Кошунунун мүчөсү

Бөлүшүү

Комментарийлер