ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!

  • 14.11.2022
  • 0
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кыргыз делегациясынын башында 2022-жылдын 13-ноябрынан 17-ноябрына чейин Ташкентте өтүп жаткан ЮНЕСКОнун “Кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана билим берүү” II Бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышууда. Ошондой эле форумга  “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери да катышып жатат.
ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!
Конференция балдардын эрте куракта сапаттуу кам көрүүгө жана билим алууга болгон укуктарын илгерилетүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Мүчө мамлекеттердин талкууларынын жана сунуштарынын жыйынтыгы боюнча Ташкент декларациясы кабыл алынат.
ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!
Министр Уланбек Мамбетакунов конференцияда эрте курактагы балдарды жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.
— Биз 200 миң баланы камтыган 1712 типтүү бала бакчаларда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууга 24% жетише алдык. Мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын, анын ичинде кыска мөөнөттүү бала бакчалардын программаларын эске алуу менен камтуу 3-6 жаштагы балдардын санынын 48,6% түзөт. Балдардын дээрлик 100%ы мектепке чейинки билим берүү программасы менен мектепке барардан бир жыл мурун камтылган, — деди министр.
ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!
Ошондой эле ал республикада инклюзивдик билим берүү, көп тилдүү окутуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен кошумча билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттенүүсү, “Ата-энелер мектеби” долбоорунда ата-энелер менен билим берүү уюмдарынын өнөктөштүк программалары ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Уланбек Мамбетакунов Ташкентке болгон сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Мектепке чейинки билим берүү министри Агриппина Шин жана Пучон университетинин ректору менен жолугушту.
ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!

Ал эми “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын берген маалыматына таянсак, Өзбекстан  артыкчылыктуу багыт кылып балдарды кенже курактан баштап өнүктүрүүнү тандаптыр.  Бала бакчага 70% бала же 2 млн бөбөк тартылыптыр.

ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!

ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!

— Бучон университетинде бак отургуздук. Мен магнолия дарагын отургуздум. Бак отургузууда ичимден кыргызстандык бөбөктөрдүн келечеги кең, коом, ата-энеси, мамлекет, жалпы система балдардын муктаждыгына сезимтал болсун, ар бир бала камкордукка, мээримге бөлөнсүн деп тилек кылдым. БАК же бактылуу адамдар коому жаралсын, баланы да, бакты да багалы, — дейт Д.Кендирбаева.

ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!

Андан кийин ЮНЕСКОнун генералдык директорунун орун басары Стефания айым, Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү министри Агриппина Васильевна менен Догдуркүл Шаршеевна баарлашкан соң, түштөн кийин Президент Мирзиёевдин кызы Шахноза Мирзиёева менен жолукту.

ӨНҮККӨН БАЛДАР – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!

— Экс-президент «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун ишмердүүлүгү боюнча маалыматтары бар экендиги жана кенже курактагы балдарды өнүктүрүүдөгү фонд аткарып жаткан иштерди жогору баалап, кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Алардын Роза Исаковнага болгон сый-урматынын бийиктиги сыймыктандырды! – дейт Д.Шаршеевна.

Эң башкысы, Догдургүл Шаршеевна дүйнө жүзүндөгү балдарды өнүктүрүү багытында иштеген уюмдардын өкүлдөрү менен таанышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшкөнгө жетишти.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер