Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөргө бөгөт

  • 29.11.2024
  • 0

Ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы аракеттенүү, мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тартипти чыңдоо максатында КР Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы Жарлыгы менен “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилген.

Жобонун талаптарына ылайык, прокуратура органдары укук коргоо органдары тарабынан кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүүчү тергөөгө чейинки текшерүүлөр боюнча ишкердик субъекттерге карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоого алат.

Аталган Жобонун негизинде бүгүнкү күндө прокуратура органдары тарабынан тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, ишкердик субъекттерди текшерүү боюнча укук коргоо жана салык кызматтары тарабынан дайындалган текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө. Мындан сырткары, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды кошпогондо, изин суутпай издөө иш-чаралары да катталууга тийиш.

Жалпысынан тергөөгө чейинки текшерүү иштерин уюштурууда ишкердик субъекттердин ишмердүүлүгү, финансылык-чарбалык жана башка иши менен байланышкан текшерүү иш-чараларын аныктоо маселеси жарала турган болсо, текшерүүгө уруксат алуу максатында ишкердик субъект жайгашкан аймактагы прокуратура органдарына Жободо көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен текшерүү дайындоо зарыл жана текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыда милдеттүү түрдө текшерүү субъекти (аталышы, жайгашкан жери жана ишкердик субъекттин идентификациялык салык номери), текшерүү жүргүзүү үчүн негиз, анын алкагында текшерүү укугу келип чыккан мыйзамдар, текшерүүнүн түрү,  кайсы мезгилге текшерүү жүргүзүү каралууда, текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрү, текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы (күбөлүгүнүн номери) көрсөтүлүүгө тийиш.

Текшерүүлөрдү каттоо жана эсепке алуу «Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары — «ИСТК» АМС) аркылуу ишке ашырылат.

Эгерде текшерүүнү каттоо жөнүндө өтүнүчтө каттоо боюнча штамп жана QR код («ИСТК» АМС базасы аркылуу) жок болсо, ишкердик субъект текшерүүчү органдын кызмат адамына текшерүү жүргүзүүгө жол бербөөгө укуктуу.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ишкерлер үчүн атайын “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, азыркы учурда жеке ишкерлер арасында кенен колдонууда. Аталган тиркеменин негизги максаты – укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан ишкердик субъектилердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, аларды укуктук жактан коргоону күчөтүү, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө коррупциогендик тобокелдиктердин пайда болушуна каршы аракеттенүү болуп эсептелинет.

Мобилдик теркеме аркылуу укук коргоо жана салык кызматы тарабынан жүргүзүлө турган текшерүүлөрдү алдын ала билүү, текшерүүнүн негизи, анын мөөнөтү жана башка маалыматтарды, ошондой эле текшерүүчүлөр тарабынан жол берилген мыйзам бузуучулуктары боюнча фото жана видеоматериалдарды тиркөө менен алардын аракетине түз даттанууга мүмкүнчүлүк берет.

Тиркемени “Google Play” жана “App Store” уюлдук программалар аркылуу көчүрүп алууга болот. Тиркемени көчүрүп алып, катталгандан кийин текшерүүчүлөрдөн келип түшкөн текшерүү актыларында көрсөтүлгөн QR-код аркылуу текшерүүчүнүн прокуратура органдарынан текшерүү үчүн каттоодон өткөндүгү же каттоодон өтпөгөндүгү жөнүндө ишкер маалыматка ээ болот.

Бишкек шаарынын Ленин району боюнча бүгүнкү күнгө карата ишкердик субъекттерине   электрондук түрдө бардыгы болуп 144 текшерүүнү дайындоо жөнүндө актылар келип түшүп, 99 актыны каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Ал эми 45 акт боюнча каттоодон баш тартылган.

Жыйынтыктап айтканда, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан жогоруда белгиленген Жобонун талаптарын так сактоо менен укук коргоо жана салык кызматтары тарабынан ишкердик субъекттерге карата мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөрдү болтурбоо максатында тийиштүү прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.

М.Муратбеков,
Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун жардамчысы, юстициянын майору

Бөлүшүү

Комментарийлер