КООМДУК ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН БИРДИКТҮҮ ПОРТАЛ

  • 26.02.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн http://koomtalkuu.gov.kg/ru пилоттук режимде ишке киргизилген Бирдиктүү портал иштеп чыкты. Порталдын ишин жөнгө салуу максатында пилоттук долбоорго аткаруу бийлигинин органдары дагы байланган.

Бирдиктүү порталга 190дон ашык ченемдик укуктук актылар,  ошондой эле алардын коомдук талкуусунун жыйынтыктары жайгаштырылган.

Бирдиктүү порталдын «Билим берүү, илим, маданият жана туризм» категориясында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыялангандар:

  1. “Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №141 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору. Долбоор 2021-жылдын 21-январында жарыяланып, 27-февралга чейин коомдук талкуудан өтүүдө. Долбоор билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кесиптик квалификациясынын жогорулашын стимулдаштыруу, чыгармачыл активдүүлүгүн жогорулатуу, ишкердик сапаттарын аныктоо, ошондой эле билим берүу уюмдарынын ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Кененирээк маалыматты http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/795 шилтемеси аркылуу алсаңыз болот.
  2. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2021-жылдын 5-февралында жарыяланып, 3-мартка чейин коомдук талкуудан өтөт. Бул долбоор балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтары, анын ичинде инклюзивдик билим берүү менен камтууну кеңейтүү жана мектепке чейинки курактагы балдардын оптималдуу өнүгүү шарттарын камсыз кылуу максатында даярдалган. Кененирээк маалыматты http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/812 шилтемеси аркылуу алсаңыз болот.
  3. “Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнундө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүнүн токтомунун долбооруна тастыктама 2021-жылдын 5-февралында жарыяланып, 3-мартка чейин коомдук талкууда болот. Долбоор мектепке чейинки билим берүү боюнча жеткиликтүүлүктү жана сапатты камсыздоо, инклюзивдик билим берүүнү жана балдарга мектепке барууда бирдей  мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү камтуу аркылуу  мектепке чейинки билим берүү боюнча кызматтарды кеңейтүү максатында мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формасы деген түшүнүктүү киргизүү талабына  ылайык иштелип чыкты. Кененирээк маалыматты http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/813 шилтемеси аркылуу алсаңыз болот.

Ар бир каалоочу порталга кирип, ведомстволор тарабынан жайгаштырылган ченемдик укуктук актынын долбоорун талкуулоого катыша алат жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарын жөнөтө алат. Ошол эле учурда, порталда долбоор боюнча иштин жүрүшү, коомдук талкуунун катышуучуларынын сын-пикирлери жана сунуштары, долбоорду иштеп чыгуучу бөлүмдүн позициясы чагылдырылган маалыматтар менен таанышууга болот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер