“МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ” 

  • 14.05.2021
  • 0

Улуттук валюта — кыргыз сомунун кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Мыктылардын мыктысы» аттуу брейн-ринг акыл таймашы өттү.

Мелдеш экономика жана бухгалтердик эсеп жана финансы адистигинде окуган студенттердин “Капитал” жана “Финансы” командалары ортосунда өтүп, теориялык алган билимдерин практикалык иш-чаралар менен бекемдөө максатында өттү.

Иш-чарага калыстык кылып институттун «Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын» мүчөлөрү: ААК “РСК-Банктын» Өзгөндөгү филиалынын директору Ө.Жалилов, ААК «Бай-Түшүм» банкынын Өзгөндөгү филиалынын кредиттик эксперти У.Жумабаев, ЖАК “Мөл-Булак” банкынын Өзгөндөгү филиалынын кредиттик эксперти А.Анарбек уулу жана ААК «Бакай» банкынын Өзгөндөгү филиалынын кредиттик эксперти Ж.Султанбекова катышты. Акырында  институттун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү тарабынан мыкты командага жана активдүү студенттерге жеке өздөрүнүн баалуу сыйлыктарын тапшырышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер