МЫКТЫЛАРДЫН БИЛИМ ТАЙМАШЫНДАГЫ ЭКИ МЫРЗА
- 22.09.2025
- 0
Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими-2025” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” конкурсу башталды. Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токоновадан алган маалымат боюнча республикалык «Жылдын мыкты тарбиячысы-2025» конкурсуна мектепке чейинки билим берүү уюмунун 26 педагогикалык кызматкери катышууда.
— 26 педагогикалык кызматкердин ичинде 9 тарбиячы, 7 методист, 6 музыкалык жетекчи жана 4 мамлекеттик тил мугалими катышып жатат. Быйылкы талапкерлердин арасында эки музыкалык жетекчи агай катышып жатканын да белгилеп кетүүгө болот. Конкурска катышууга иш тажрыйбасы үч жылдан жогорку педагогикалык кызматкерлер тандалды, — дейт Индира Токонова.

Бала бакчаларда, мектептерде агай мугалимдер чынында эле аз. Азчылыктын курамын түзүп келген агайлардын бири – Жумабек уулу Сыдыкбек. Ал учурда Кара-Кулжа районундагы РысбайАбдыкадыров айыл аймагындагы Мырза Калбаев атындагы бала бакчада иштейт.
— Мен 2018-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетин аяктаганмын. Андан соң 2020-жылы ОшМУнун искусство факультетинин магистратурасында билим алдым. Ошондон бери Рысбай Абдыкадыров атындагы айылда иштейм. Иштегениме төрт жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында айыл өкмөттөр арасында, райондук жана облустук турда мыкты музыканттар менен ат салышып, биринчиликке озуп чыктым. Облустук конкурс үч тур менен өттү. Биринчиси, видеопрезентация, экинчиси – тесттен өтүү жана үчүнчүсү — педагогикалык кырдаалдан чыгуу жана сабак өтүү. Калыстар тобуна менин сабагым абдан жаккан экен. Музыкалык аспаптардын ичинен темир ооз комузда, аккордеондо ойнойм. Мага кичинекей бөбөктөр менен иштөө абдан жагат. Балдар менен иштөө бир жагы кыйын, бир жагы оңой. Оңой дегеним — алар айтканыңды айткандай аткарат, сезимдери аябай назик. Бала менен баладай болуп иштөө керек. Менин жеке баамымда баланын шык жөндөмүн бала бакчадан эле байкалат, музыкалык аспаптарга кызыгуусу да кичинекейинен эле билинет. Ак барактай таза, аруу бөбөктөрдүн назик сезимдерине музыка сабагы өтө маанилүү, — дейт Сыдыкбек мырза.
Экинчи каарманыбыз Болот Суранчиев — Кочкор районундагы “Балаты Нур” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыка мугалими. Ал “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча ат салышмакчы. Бала бакчада музыка мугалими болуп 14 жылдан бери иштейт.
— Мен музыкалык аспаптардын дээрлик баарында эле ойнойм, айрыкча, комуз, кыл кыяк, үйлөмө аспаптарга басым жасайм. Калыстар менин өнөр өзгөчөлөгүмө – этного, кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын, кыргыздын баалуулуктарын, нарктуулуктарын жайылтууга басым жасаганымды белгилешти. Айрыкча, чүкөлөрдү да музыкага кошконубуз, ээр токумдун үзөңгүсүн камертондун ролунда оркестрге кошуп ойногонубуз жогору бааланууда.
Жолугушууда министр бала бакчаларда, мектептерде эркек мугалимдердин аз болуп жатканын белгилеп өтпөдүбү. Министрдин пикирине мен да кошулам, анткени мектептердеги чогулуштарга эркек эне-аталар такыр барбайт. Эркек балдарга өзгөчө таасири бар эркек мугалимдерди мектепке көбүрөөк тартуу керек. Эң жок дегенде балдардын аталары чогулуштарга көбүрөөк катышса жакшы болмок. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аталарды балдарды тарбиялоого активдүү катышууга чакырып өткүм келет, — деди ал.
Ордолуу Оштон конкурста күч сынашууга быйыл да Ош шаарындагы “Асан-Үсөн” бала бакчасынын тарбиячысы келди. Бала бакчанын директору Аймен Туралиеванын айтымында, бул бала бакчанын тарбиячылары акыркы төрт жылдан бери конкурска катышып, байгелүү орундарды ээлеп келатат.

— Агартуу министрлигинин конкурс тууралуу Жобосуна ылайык, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы “Мыкты тарбиячы”, “Мыкты музыка мугалими”, “Мыкты усулчу”, “Мыкты кыргыз тили мугалими” конкурстун бардык этаптарын өткөрдү. Натыйжада биздин Айжан Рустамова деген тарбиячыбыз мыкты деп табылып, республикалык турга келди. Быйыл да байгелүү орундарды багындырабыз деген ишенимдебиз”, — деди.
Албетте, эң негизгиси жеңиш эмес, негизгиси – катышуу демекчи, ондогон, жүздөгөн кесиптештеринин арасынан иргелип, тандалып республикалык турга озуп чыккан талапкерлердин баарына ийгилик каалайбыз. Белгилей кетсек, бүгүн, конкурстун биринчи күнүндө талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүшүүдө. Ал эми эртең жана бүрсүгүнү мыктынын мыктысы аталуу үчүн конкурстун күн тартибиндеги шарттарды аткарышмакчы.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер