МЫКТЫЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 31.05.2023
  • 0

Чүй облусундагы Аламүдүн району боюнча “Алтын тамга-2023“  кызыл аттестатка жалпы төрт окуучуга 50 000 сомдон, аларды  даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

МЫКТЫЛАР СЫЙЛАНДЫ

МЫКТЫЛАР СЫЙЛАНДЫ

Андан сырткары, “Жыл мугалими 2023” сынагында райондук баскычта  биринчи орунду, облустук  баскычта үчүнчү орунду ээлеген Мрамор мектебинин башталгыч классынын мугалими Зарина Казакбаевага  администрациясы тарабынан жеңил унаа тапшырылды.

Иш-чарага Аламүдүн райадминистрациясынын башчысы Мурадин Тешебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев, Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлкайыр Ниязова, Мрамор жалпы билим берүү орто мектебинин мүдүрү Керээзгүл Өзгөрүшова жана башка коноктор катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер