МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ – АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ

  • 09.12.2022
  • 0

МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ – АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ

Быйыл Жалал-Абад шаарындагы Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык менеджмент академиясынын академиги Сатыбалды Өмүрзаков 60 жашка толуп, жумурай-журтка жана өзүнө бул жылдары кандай ийгиликтерге жетише алдым, дагы эмнелерди жасашым керек деп отчет берип турган кези.

ИЙГИЛИК ЖЫЛООЛОГОН ЖЫЛДАР

Сатыбалды Өмүрзаков жетектеген бул окуу жай өз ишмердигин 1993-жылдан бери алгылыктуу жүргүзүп келет. Алгач Жалал-Абад коммерциялык институту деп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык менеджмент академиясынын академиги Кантөрө Токтомаматов негиздеп, Эл аралык университет макамына чейин жеткирген. Университеттин азыркы жетекчилиги, жамааты жана студенттери Кантөрө агайдын окуу жайга кылган эмгегин, илим-билим жаатындагы ишмердигин дайыма кадырлайт. Аны университеттин башкы имаратындагы агайдын эстелиги, окуу жайдын тарых музейи, анын атындагы илимий окуулар, окуу жайдын аталышы даана тастыктайт. Академик баштаган ишти Сатыбалды Өмүрзаков татыктуу улап, билим уясын алдыңкылардын катарына кошууга бардык күчүн жумшап келет. Ал жетекчилик милдетти колуна алгандан бери университеттин таалим-тарбия, илим-билим жаатындагы мыкты салттарын улантып, ага чейинки ийгиликтерине ийгилик кошуп келүүдө.

Ириде окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын сапаты артканын айтпай кетүүгө болбойт. Илимдин кандидаттарынын, докторлорунун, PhD окумуштуулук даражасын алгандардын саны 14,1 пайызга артты. Аймакта жайгашкан окуу жай үчүн бул абдан мыкты көрсөткүч. Университеттин борбордук китепканасын жана Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Гуманитардык-экономикалык колледжинин, Эл аралык медициналык колледжинин китепканаларын жаңы окуу китептери, илимий-усулдук китептер менен камсыздоо улантылып, ал 34,7 пайызга өстү. “Ирбис” электрондук китепканасынын иштөөсү колго алынды. Окуу жайдын бюджети да өсүп, бүгүнкү күндө ал 183% түздү. Эмгек жамааттын маянасы эки ирет көбөйтүлүп, ал 30% өстү. Университеттин башкы имаратынын фасаддык бөлүгү заманга ылайык оңдолуп, сары таш менен капталып, жаңы дизайн имараттын көркүн ачты. Башкы имараттын жана ашкананын чатыры жаңыланып, башкы жана кошумча имараттардагы аудиториялар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүсү улантылып, эшик-терезелери жаңыртылып, жаңы эмеректер менен жабдылды. Окуу аудиториялары жана бөлмөлөр үчүн жаңы аянттар ишке киргизилди. Компьютердик паркы жана ага удаалаш жабдыктар дагы бир ирет жаңы, заманбап компьютерлер менен жабдылып, окуу жайдын ички жана жанаша аймактарына көзөмөл жүргүзгөн видеобайкоо тутуму сапаттуу жаңыртылып, ири аймак көзөмөлгө алынып, эмгек тартибин, коомдук тартипти көзөмөлдөө, коопсуздукту камсыздоо сапаты артты. Чет элдик жана ички инвестициялар тартылып, ашкананын жабдыктары толугу менен жаңыртылып, ремонт жасалып, бул багытта адистерди даярдоо үчүн жаңы шарттар түзүлдү. Университеттин спорт шаарчасында жаңы чатыры бар спорт комплекс курулду, анда жасалма төшөөсү бар чакан футбол, баскетбол үчүн аянт, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, кийим алмаштыруучу жана жууна турган бөлмөлөрү бар ж.у.с.

Жалпысынан ушуга окшогон көптөгөн иштер аткарылды жана аткарылууда. Албетте, мунун баары окуу жайдын негиздөөчүсү К.Токтомаматовдун ишин улантуу максатында жасалып, эмгек жамааттын бирдиктүү, ынтымактуу аракетинде иш жүзүнө ашууда. Агай менен биргеликте университеттин I проректору, э.и.к., ЭАУ профессору А.Кантөрөева, п.и.к., ЭАУ профессору, РМА мүчө-корр. Т.Омошев, ф.и.к., ЭАУ проф., РМА мүчө-корр. А.Жолдошбаев, Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, т.и.к., ЭАУ проф., РМА акад. Ж.Дүйшеев, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору Халил Шенгүл, Гуманитардык-экономикалык колледжинин директору, э.и.к., доц. К.Райымкулов, Эл аралык медициналык колледжинин директору, доцент Э.Абданбаев, Окуу-көзөмөл департаментинин директору, доцент Г.Сыдыкова, Билим берүү сапатын көзөмөлдөө жана камсыздоо, аккредитация департаментинин директору, э.и.д., профессор А.Маткеримова, экономика, эсеп-кысап, жыйынтыктоо жана каржы бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер А. Баймырзаева ж.б. алгылыктуу иштеп, окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууда.

МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ – АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ

МЫКТЫ ИЛИМПОЗ

Маараке ээси Сатыбалды Өмүрзаков мыкты жетекчи гана эмес, мыкты илимпоз катары да агартуу журтуна таанымал. Ал ондон ашык илимий монографиянын жана окуу китептеринин, бир топ илимий макалалардын, т.а. 110 эмгектин автору. Мындан сырткары, Сатыбалды Ашимович “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган, 2015-жылдан бери Жалал-Абад шаарынын, 2020-жылдан бери Лейлек районунун Ардактуу атуулу, 2021-жылы “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин эмгек сиңирген ишмери” медалы, 2022-жылы Улуу Британиянын Оксфорд Академиялык Биримдигинин “Илимдеги ысым” наамы менен сыйланган.

МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ – АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ

АЛАЙКУУДАН БАШТАЛГАН ДАҢГЫР ЖОЛ

Агайдын өмүр баянына кайрылсак, ал 1962-жылдын 29-декабрында Ош областынын Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Көк-Арт айылында туулган. 1980-жылы айылындагы орто мектепти аяктап, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эсеп-экономикалык факультетине окууга өтүп, аны 1985-жылы бухгалтер-экономист квалификациясы менен ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп кафедрасынын окутуучусу болуп ишке кабыл алынган. 1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1994-жылы “Базар шарттарына өтүү мезгилинде айыл чарбасында чарба жүргүзүүнүн прогрессивдүү формаларын өркүндөтүү жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу” темасында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Натыйжада 1994-жылдын 20-ноябрында экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген. Эл аралык университетте 1996-жылдан бери (ал жылдары Жалал-Абад Коммерциялык институту) иштеп келет. Адегенде кафедра башчысы, андан кийин эсеп-каржы факультетинин деканы, Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, Магистратура, аспирантура жана докторантура департаментинин директору, экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 2001-жылы доцент окумуштуулук наамы берилип, 2015-жылы Аймактык менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. 2013-жылы “Базар шарттарында айыл чарбасында башкаруу механизмдерин жөнгө салуу жана өркүндөтүү” темасында докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, 2014-жылдын 25-сентябрында экономика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алган. Профессор окумуштуулук наамы 2018-жылы берилген. Көп узабай Аймактык менеджмент академиясынын академиги болду. 2019-жылдын 23-январынан К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору кызматын аркалап келет.

МААРАКЕГЕ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

23-декабрда С.Өмүрзаковдун 60 жылдык мааракесине арналган “Дүйнөлөштүрүү жараянынын өнүгүүсүнүн көйгөйлөрү жана келечеги – коомчулуктагы биримдиктин түзүлүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн негизи катары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Эл аралык университетте өтөт. Ага катышуу үчүн бардык каалоочулар чакырылат.

Анвар ЖОЛДОШБАЕВ,
ЭАУ профессору, ф.и.к.

Бөлүшүү

Комментарийлер