МЫКТЫ ЖАШ ИЛИМПОЗДОР СЫЙЛАНЫШТЫ

  • 21.05.2021
  • 0

20-майда Билим берүү жана илим министрлигинде Казакстандын “Бобек”  улуттук кыймылы” тарабынан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин илимий жана билим берүү мекемелеринин арасында уюштурулган «III эл аралык китеп басылмасы» жана «Мыкты жаш илимпоздор — 2021» долбоорунун кыргызстандык жеңүүчүлөрү сыйланышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Мыкты жаш окумуштуулар – 2021” аттуу тегерек стол менен коштолду.

Бул долбоорго Кыргызстандан жүзгө жакын талапкер катышкан. Арасынан эң мыкты деп эсептелген 19 илимий иш жеңүүчү деп табылып,  «Мыкты жаш илимпоздор — 2021» КМШнын жаш окумуштууларынын эл аралык китеп коллекциясына киргизилген. Жеңүүчү аталган жаш илимпоздорго сыйлыктарды  билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, “Бобек”  улуттук кыймылы” эл аралык уюмунун жетекчиси Абиев Еркебулан, анын орун басары Ешим Елнұр Омарұлы жана кыймылдын өкүлү Серкебаева Калия тапшырып, жаш илимпоздорго илимдеги ийгиликтерди каалашты.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер