МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ – 2024: ТАЛАНТТУУЛАР АЛДЫГА ЧЫКТЫ
- 11.06.2024
- 0
«Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын жүзөгө ашыруу максатында 2024-жылдын апрель, май айларында мугалимдер арасында республикалык деңгээлде «Мыкты тарбиячы — 2024» онлайн кароо-сынагы 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлдү. 2024-жылдын 10-июнда онлайн кароо-сынагынын жыйынтыктоо салтанаты өттү.
Сынакка республиканын бардык облустарынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда эмгектенип жаткан интеллектуалдык потенциалы бийик, тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган 60 тарбиячы мугалим катышып, эң күчтүүлөрү алдыга суурулуп чыгышты. Алар: Баш байгенин ээси Бишкек шаарындагы №118 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Жолдошали кызы Бибигул, 1-орунга Нарын шаарындагы “Чебурашка”мектепке чейинки билим берүү мекемесинен катышкан Кудайбергенова Саадат, 2-орунду Ак-Суу районундагы “Күн-Чубак”мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Бейшеева Асель менен Жумгал районундагы үч сааттык “Кайырма” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Ашырова Мээрим камсыздашты. Ал эми Нарын шаарындагы №18 “Ак дил” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Абдыраева Перизат менен Талас облусундагы Ормотоев Жапарбек атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинен келген Рыспаева Бакиза 3-орунга чыгышты. Мындан сырткары 4-орунду Лейлек районундагы “Лейлек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинен Жаныбек кызы Аида менен Жумгал районундагы №2 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Көчманбетова Фариза камсыздашты. Ошондой эле 5-орунга Жумгал районундагы №2 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Мамбетова Зарина чыкты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер