МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРГЕ И.ИСАМИДИНОВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 23.11.2023
  • 0

И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин 1-курстарын тосуп алуу аземинде мыкты студенттерге И,Исамидинов атындагы стипендия тапшырылды.

МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРГЕ И.ИСАМИДИНОВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛДЫ

2023-жылдын 22-ноябрь күнү Ж.Баласагын атындагы КУУнун чоң жыйындар залында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда биринчи курстун студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу кечени институттун директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова ачып,  катышуучуларды  Студенттер күнү менен кутуктап, каалоо-тилегин айтты.

Андан соң  институттун негиздөөчүсү, ыраматылык И.Ч.Исамидиновдун үй-бүлөсү «Окууда эң мыкты жетишкендиктери  жана иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн» он студентке И.Исамидинов атындагы стипендия жана ардак грамота менен сыйлашты. Ошондой эле ардак грамоталар менен институт тарабынан да сыйланышты.

— Институттун окутуучулары жана тосуп алуучу курстун студенттери да 1-курстун келечек ээлерин куттукташып, чакан концерт коюп, 2-курстун студенттери тарабынан даярдаган студенттик китепчени эстафета катары өткөрүп беришти. Иш-чаранын соңунда 1-курстардын ант берүү аземи болду. Иш-чарага чакырылган университеттин Илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, кыргыз адабиятын окутуунун методикасы боюнча адис Назаркул Ишекеев,  И.Ч.Исамидинов агайдын үй-бүлөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги Алахан Садык (Тиллебаев Садык Алаханович) да студенттерге каалоо-тилектерин билдиришти, — дейт институттун директору.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер