МЫКТЫ ПРАКТИКАНТ — МЫКТЫ АДИС 

  • 20.12.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин өндүрүштүк практика бөлүмү студент-практиканттардын “Кесипке багыт берген бактылуу көз ирмемдер” аттуу конференциясын  өткөрдү.

Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси Гүлайым Байышованын маалыматына ылайык, иш-чара университет боюнча 15-сентябрдан 2-декабрга чейин  шаардык мектеп жана мекемелерде кесиптик профилдик практиканы өтөп келген жаш практиканттар ортосунда жыйынтыктоо этабында өткөрүлдү.

Анда катышуучулар практика учурунда пайдаланган көрсөтмө куралдардын жарманкесин уюштурушту. Андан соң сабакты кандай өткөнүн, колдонгон усулдары боюнча маалымат беришип, башталгыч класстын окуучуларын сабакка кызыктыруу багытында жомоктордон сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Мындан сырткары куурчак театр көрсөтүшүп, жалпы студенттер практикалык отчетун тапшырышты.

Иш-чаранын соңунда студент-практиканттарга мугалимдик кесипке багыт берип, сабактарды ийгиликтүү өтүшүнө шарт түзүп, усулдук жардам көрсөткөндүгү үчүн шаардык мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жай тарабынан Ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле студенттерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, адис даярдоодо кошкон салымы үчүн университеттин окутуучулары жана мыкты практика өтөгөн студенттери Ардак  грамота менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, практика учурунда башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана анын усулу адистиктеринде окуган студенттер жалпы алты предметтен 1-4-класстарга ачык-тарбиялык сааттарды өтүп, өздөрүнүнүн педагогикалык чеберчиликтерин мыкты көрсөтө алышкан.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер