МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР ЭС АЛУУГА АТТАНЫШТЫ

  • 21.06.2018
  • 0

Ысык-Көл облусунун жакшы окуган, активист окуучулары лагерге сапар алышты.

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР  ЭС АЛУУГА АТТАНЫШТЫ

Маалыматка таянсак, облус боюнча 139 бала лагерде эс алат. Баасы 5300 сомду түзгөн эс алууга жалаң жакшы окугандар, коомдук иштерге активдүү катышкан мектептин алдыңкы окуучулары барышат.

Балдар Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларындагы жана райондордогу мектептерден чогулушат. Арасында мугалимдердин, дарыгерлердин балдары да бар. Мындан кийин дагы окуучуларды 4-5 агым менен жиберилерин профсоюз уюму билдирүүдө. Лагерде аларга тамак-аш, маданий массалык иш-чаралар уюштурулат жана аларга тарбиячылар бекитилет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер