«МЫКТЫ ОКУУЧУ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ» СЫНАГЫ

  • 16.04.2022
  • 0

Ушундай аталыштагы кызыктуу жана керектүү сынак Аксы районундагы билим берүү уюмдарында старт алды.

"МЫКТЫ ОКУУЧУ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ" СЫНАГЫ

Сынак «Балдар — биздин келечегибиз» долбоорунун алкагында М.Төрөбековдун уюштуруусу менен билим берүү уюмдары, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелердин ортосундагы байланышты күчөтүү максатында өткөрүлүп жатат.

"МЫКТЫ ОКУУЧУ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ" СЫНАГЫ

Анда окуучу, класс жетекчи жана ата-эне бир топко биригип, сынакка катышуу менен өздөрүнүн ар тараптуу өнөрлөрүн, жөндөмүн, билим көрөңгөсүн жана жараткан ийгиликтерин көрсөтө алышат. Аталган иш-чара мектептерде чоң салтанат, жогорку шаң менен өткөрүлүп, коомчулуктун кызыгуусун арттырууда.

"МЫКТЫ ОКУУЧУ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ" СЫНАГЫ

Мындай жакшы саамалыктардын  өткөрүлүшү ата-энелер менен билим берүү уюмдарынын ортосундагы мамиле чыңалышына шарт түзөт.

        Мырзаканов Махабат, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер