«МЫКТЫ ОКУТУУЧУ» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 12.10.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулук курамынын арасында «Мыкты улук окутуучу» жана «Мыкты окутуучу» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү мугалимдер күнүнө арналган салтанатта сыйланып, 3-орундун ээлерине жаңы үлгүдөгү уюлдук телефон, 2-орунду ээлегендерге планшет жана башкы 1-орунду багындырган окутуучуларга жогорку сапаттагы ноутбук, диплом жана атайын наминациялар тапшырылды. Бул тууралуу ОшМПУнун маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди. 

Сынак эки этап менен өткөрүлгөн. Конкурстун жүрүшү жогорку билим берүүгө өзүнчө, колледжге өзүнчө каралып, ага окуу жайдын доценттери, улук окутуучулары жана окутуучулары катышты.

Сынакка катышуучулар факультеттердин усулдук комиссиялары тарабынан сунушталып, алгач өз арыздарын жана анкетасын тапшырышкан.

Конкурстун 2-этабында конкурсанттардын 2019-2020 жана 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгындагы иштеринин жыйынтыктары каралды. Мында окутуучулардын эмгектери, өздөрүнүн өткөн онлайн сабактардын топтомун интернет желесине жана AVN порталына жайгаштырылган.

Мындан сырткары сынакта катышуучулардын илимий эмгектеринин тизмелери, алган сыйлыктары, электрондук версиядагы лекциялары, ачык сабактын анализи жана видео-сабактардын топтомдору белгиленген.

Конкурстун жыйынтыгы өткөн окуу жылынын аягында атайын отурумдун негизинде конкурстук комиссия тарабынан ачык добуш берүү жолу менен чыгып, жеңүүчүлөр аныкталган.

 

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:

Колледждин «Мыкты окутуучулары»

1-орун Пазылова Зарина

2-орун Аскарова Гүлкайыр

3-орун Жумабаев ЭрТөштүк

 

Жогорку билим берүүнүн «Мыкты окутуучулары»

1-орун Орозалиева Таттуугүл (КРФ)

2-орун Жаркынбаева Алтынай (КРФ)

3-орун Бекмуратова Наргүл (ГУМ ФАК)

 

«Мыкты улук окутуучулар»

1-орун Рахманова Элиза (Гум Фак)

2-орун Сагынбаева Гүлзада (ТТжГФ)

3-орун Наркеева Акылай (КРФ)

Белгилей кетсек, аталган сынак ОшМПУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмү жана окуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ал окуу жайдын билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулук курамдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатын көздөйт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер