МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ
- 03.02.2023
- 0
Таластагы Ү.Акынбеков атындагы орто мектебинде тажрыйба алмашуу максатында математика сабагынан мугалимдердин облустук семинары болуп өттү.
С.Бейшенованын маалыматына таянсак, семинарга Талас Билим берүү усулдук борборунун усулчусу Асия Жаманкулова жана Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы Марат Алымбеков жана төрт райондун мектептеринен мугалимдер келип катышты.
Семинарда Анара Умарова 8-класстарга «Арифметикалык квадраттык тамыр» деген темада жана Нурзина Султанова заманбап технологияларды колдонуу менен 6-класстарга «Бөлчөктөрдү кыскартуу» деген темада кызыктуу сабак өтүштү.
Өтүлгөң сабактар «эң жакшы» деп бааланды. Келген мугалимдер өз куржундарын тажрыйбага топтоп, толтуруп кетишти.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер