МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР САНАРИПТИК ПОТЕНЦИАЛЫН КӨРСӨТҮШТҮ

  • 15.03.2018
  • 0

Ак-Таала районунун Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде КР Ѳкмѳтүнүн «Жаны доорго-кырк кадам» программасынын алкагында «Билим берүүдѳ санариптик каражаттардын жана интернеттин таасири» деген темада семинар болуп ѳттү.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР САНАРИПТИК ПОТЕНЦИАЛЫН КӨРСӨТҮШТҮ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР САНАРИПТИК ПОТЕНЦИАЛЫН КӨРСӨТҮШТҮ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР САНАРИПТИК ПОТЕНЦИАЛЫН КӨРСӨТҮШТҮ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР САНАРИПТИК ПОТЕНЦИАЛЫН КӨРСӨТҮШТҮ

Мектептин  16 мыкты мугалими санариптик каражаттарды  жана интернетти пайдалануу менен сабактарды ѳтүп, чеберчиликтерин кѳрсѳтүштү. Окуу бѳлүм башчысы Токтогулова Астра технологиялык чѳйрѳдѳ  мугалимге, окуучуга коюлган талаптар, интернет менен каражаттардын сабактарда колдонуу мүмкүнчүлүктѳрү жана ѳзгѳчѳлүктѳрү жѳнүндѳ доклад-тренинг жасады.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР САНАРИПТИК ПОТЕНЦИАЛЫН КӨРСӨТҮШТҮ

Токтогулова Астра

“Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн «Кырк кадам» программасында  «Бел болчу билим, из калтырчу илим» демекчи санариптик трансформациялоону эл калкына киргизүүдѳ, билим берүү мекемелеринин салымы чон болору чын. Ал үчүн 5-кадамда белгиленгендей «Мыкты мектеп» болушубуз абзел. Мыкты мектепте мыкты мугалимдер мыкты окуучуларды даярдоосу зарыл. Э.Карасартов атындагы орто мектеби билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында мектеп коллективи «Жаңы инновациялык-технологиялык билим берүү жана тарбиялоо чөйрөсүндө окуучулардын жеке инсандык жана чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн өстүрүү” деген методикалык теманы тандап алган. Билим берүү системасындагы инновациялык процесстерин  – жаңыча окутууну, жаратууну, кабылдоону, баалоону, өздөштүрүүнү жана педагогикалык жаңылыкты кабыл алуу биздин милдет. Себеби, биздин чѳйрѳ технологиянын, инновациянын чѳйрѳсү болуп келет. Бул чѳйрѳдѳ инсандык, чыгармачылык ѳзгѳчѳлүктѳрү менен окуучуларды даярдоо максатыбызды ишке ашыруу керек”,-деп айтты Астра Токтогулова.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер