Мыкты кол өнөрчүлөрдүн сынагы
- 18.12.2025
- 0
Агартуу министрлигине караштуу «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору менен биргеликте «Керемет-сувенир» аталышындагы элдик кол өнөрчүлүк боюнча республикалык балдар сынагынын жеңүүчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсү өттү.
Экспозицияда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 9дан17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр тарабынан жасалган мыкты эмгектер сунушталды. Алар жүн, кийиз, кездеме, тери, жыгач жана чопо сыяктуу нукура материалдардан жасалып, улуттук колоритти, жаш усталардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана эстетикалык табитин чагылдырды.
Балажан» борборунун директору Замира Молдалиева сынакка жалпы республика боюнча 500дөн ашык иш келип түшкөнүн, анын ичинде 83 баланын эмгеги сыйлыкка татыктуу деп табылганын айтты. Ошондой эле окуучулардын эмгектерин Кыргызстандагы Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, атактуу кол өнөрчүлөр баалашты. Ар бир жаш курактык категорияда 1-, 2- жана 3-орундар аныкталды

- Кесипкөй калыстар тобунун кароосуна өткөн мыкты иштердин басымдуу бөлүгү айыл жергелериндеги окуучуларга таандык болду. Албетте, бул сынактын негизги максаты — өсүп келе жаткан муундун арасында салттык кол өнөрчүлүктү нукура материалдар аркылуу жайылтуу. Башкы талап катары бардык иштер табигый материалдардан жасалышы шарт эле. Кыргыз эли эзелтеден бери жүн, пахта, жыгач, жибек жана башка нукура материалдар менен иштеп келген. Ушул салтты улантуу жана анын маңызын балдарга жеткирүү, ошондой эле жасалган буюмдун кандай натыйжа берерин өз колдору менен жасап, сезип көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү негизги максат болчу. Албетте, бул иште мугалимдердин эмгеги да зор болду. Алар балдар менен тыгыз иш алып барып, чыгармачылыкка багыт берди. Жеңүүчүлөр үч курактык категория: 9–11, 12–14, 15–17 жаш боюнча аныкталды, — деди директор.
Сынактык иштер төмөнкү төрт негизги критерий боюнча бааланды. Биринчиден — иштин нукура материалдардан жасалышы; экинчиден — көчүрмө болбошу, баланын өз колу менен өз идеясын чагылдыруусу, үчүнчүдөн — салттык жана заманбап кол өнөрчүлүктү айкалыштырган креативдүүлүк, төртүнчүдөн — түстөрдү туура тандоо жана ишти аягына чейин сапаттуу бүтүрүү.
Жыйынтыгында, катышуучуларга Агартуу министрлигинин дипломдору жана баалуу белектер тапшырылды.
Сынакта 1-орунду ээлеген Айбийке Кудаймендиева 4-класстын окуучусу, Балыкчы шаарынан келди. Айтымында, кол өнөрчүлүк анын хоббоси. Сынакка ак жана кара кийизден жасалган сидушка жасап, оймолорун тартып, четтерин шырып чыкты.

- Кол өнөрчүлүк — менин сүйүктүү хоббим, бул иш мага өзгөчө ырахат тартуулайт. Келечекте мугалим болуп, кол өнөрчүлүктү башка балдарга да үйрөткүм келет. Кыргызстандын аты дүйнөгө таанылып, улуттук кол өнөрчүлүгүбүз жогору баалансын деп тилейм. Биз кол эмгекти, улуттук баалуулуктарды ар дайым сактап, алып жүрөбүз, -дейт окуучу.
9-класстын окуучусу Ариет Бопонов да 1-орундун ээси. Ал грек жаңгактарынан Манастын эстелигин жасап, калыстардын эсинде калды. Айтымында, ага агайы багыт берип, колдоо көрсөттү.
- Манасты тандаганымдын себеби, ал мыкты патриот болгон, кыргыздын баатыры, көптөгөн жакшы иштерди жасаган, мен анын ушул сапаттарынан эргүү алып, жасадым. Эстеликти жасоого эки айдан ашык убакытым кетти. Искусстводон сырткары мен спорт менен машыгам, — дейт жеңүүчү.
Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук баалуулуктар жөнүндө» Жарлыгынын жана «Жеке адамдын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу» концепциясынын алкагында уюштурулуп, балдардын көркөм кол өнөрчүлүк чыгармачылыгы аркылуу улуттук салттарды сактоого жана жайылтууга багытталган.
Иш-чара балдардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө, улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө жана таланттуу өспүрүмдөрдү колдоого өбөлгө түзгөн маанилүү маданий-билим берүү иш-чарасы болуп саналат.








Комментарийлер