«МЫКТЫ КЛАССТЫК СААТ»
- 19.10.2023
- 0
Борбор калаанын мектептеринде 6-11-класстын окуучулары арасында сергек жашоо темасында «Мыкты класстык саат» сынагы өттү.
Маалыматка караганда, № 83, 78, 19, 86, 6 билим берүү уюмдарынын класс жетекчилеринин арасында жаш курак, өспүрүм курак, виртуалдык көз карандылык, ошондой эле чоңдордун жашоо стадиясын калыптандыруу, чечим кабыл алуу жана алдыга коюлган максатка ийгиликке жетишүү темасында өтүп, мыктылар аныкталды.
Жыйынтыгында 1-орунду №78 мектептин мугалими Нургиза Кабаева, 2-орунду №86 мектептин мугалими Ырыскүл Молдобаева, 3-орунду №6 мектептин мугалими Анархан Абылаева ээледи.
Сынактын максаты – мугалимдерди сергек жашоо, ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча сабак өтүүгө шыктандыруу жана мотивациялоо, ошондой эле таланттуу жана чыгармачыл класс жетекчилерди колдоо болуп саналат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер