“Мыкты класс жетекчи-2026” сынагында тогуз-торолук мугалим байгелүү орунду ээледи

  • 23.04.2026
  • 0

Тогуз-Торо районундагы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин башталгыч класс мугалими Өмүралиева Гүлзат “Мыкты класс жетекчи-2026” кароо сынагында экинчи орунду ээледи. 

Жеңүүчү “Билим берүү мекемелеринде тарбия ишин башкарууда класс жетекчинин усулдук ишин жүргүзүүсү”программасы боюнча 72 сааттык сертификат, ошондой эле Кыргыз улуттук университетинин Ардак грамотасы,  “Мыкты класс жетекчи-2026” наамы жана ll даражадагы диплом, статуэтка,  3000 сомдук, ар бир мугалимге зарыл 10 китеп  жана “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл “ юбилейлик медалы менен сыйланды. Ошондой эле “ Мугалим” төш белгиси ыйгарылды.

“Мыкты класс жетекчи-2026”  сынагында тогуз-торолук мугалим байгелүү орунду ээледи

Бул жетишкендиктер аймактагы мугалимдердин кесипкөйлүгүн, чыгармачыл изденүүсүн жана билим берүү тармагына  кошкон олуттуу салымын дагы бир жолу тастыктап, жаш муунду тарбиялоодогу  жоопкерчиликтүү эмгектин үлгүсү болуп калды.

«Мыкты класс жетекчи-2026” кароо сынагы” Мугалим” илимий педагогикалык журналы жана И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту менен биргеликте 2026-жылдын январь-февраль-март айларында өткөрүлдү.

Конкурска  республика боюнча 157 класс жетекчи (мугалим) катышып, 131 конкурсант ат салышты. Сынакка жалпы билим берүүчү орто мектептерде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда эмгектенип жаткан  интеллектуалдык потенциалы бийик,  тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган мугалимдер, окутуучулар (класс жетекчилер) катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер