МЫКТЫ ИНСАНДАРДЫ ТАРБИЯЛОО – ЭНЕЛЕРДИН МИЛДЕТИ

  • 03.11.2022
  • 0

Катран айылындагы «Алтын-Бешик-Катран» балдар бакчасында ата-энелер мектебинин семинардык окуу сабагы болуп өттү.

МЫКТЫ ИНСАНДАРДЫ ТАРБИЯЛОО – ЭНЕЛЕРДИН МИЛДЕТИ

— Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакшы сөзү бар: «Адамдын коомго кылган эң чоң пайдасы, жакшылыгы үйүнөн адам болор инсандарды тарбиялап чыгаруусу» деген. Ата-энелер мектебинин башкы максаты дагы мына ушул, — дейт «Энелер мектебинин» Баткен облусу боюнча координатору, Лейлек району боюнча жооптуу катчысы, «Жаш мугалимдер мектебинин» координатору Ж.Акматова.

Семинардык сабакта  бала бакчанын тарбиячылары да ата-энелер менен кызыктуу көнүгүүлөрдү иштешип, иш-чаранын көркүн ачышты.

МЫКТЫ ИНСАНДАРДЫ ТАРБИЯЛОО – ЭНЕЛЕРДИН МИЛДЕТИ

Семинарга  катышкан ата-энелер бала тарбиясында өздөрүнө көп жардам алып, түшүнүктөрдү калыптандырышканын айтып, бул мектептин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов агайга, координатор эжейге, бакчанын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиришти. Эң башкысы көпчүлүгү, Гапыр агай айткандай, үй-бүлөлүк китептин санын 300дөн ашырууну максат кылып кетишти.

Семинар өз максатына жетип, сабакка катышкан ата-энелер абдан ыраазы болушту. Ошол эле жерден агайдын китептерин сурап, буюртма берип, өнүгүүгө астейдил киришип, балдарга башкача маани берип, тарбиянын жаңы багытын тандап кетишти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Г.Мадаминовдун  «Устаттык өнөрү» китебинен тарбиячылар үчүн мастер-класс өтүлдү жана «Ата-энелер мектебинин» иш планын түзүп, иш алып барууга көрсөтмө берилди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер