МУУНДАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ

  • 23.04.2021
  • 0

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда өмүр бою педагогикалык кесипти аркалаган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери — Абдимиталип Бакиров жана Абдыманап Мамасейитовдун катышуусунда башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттерине “Ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмүн ачууда, жаратман эмгекти сүйүүгө, ыймандуулукка тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу” деген темада дил маек өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришип, соңунда жыйынтык чыгарып жатып А.Бакиров: «Биздин жолубузду уланта турган педагогдук кесипти чын дилден сүйгөн, билимдүү, изденгич, күжүрмөн жаштардын өсүп жатканын көрүп биздин эмгек текке кетпептир, мугалимдик кесипти улантуучу жаштар бар экен, эстафета ишенимдүү колдо экенине көзүбүз жетти, биз ыраазыбыз силерге…», — деп ыраазычылык сөзүн айтты. А.Мамасейитов болсо студенттерге: » …Мугалим болгула. Чыныгы мугалимдин жүрөгү кенен, адамдык сапаттары бийик, жан дүйнөсү океандай кенен болот…», — деп дем берип, мугалимдик кесиптин сырлары менен бөлүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер