МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ МЕКТЕП ҮЧҮН ЖАРДАМ

  • 17.08.2021
  • 0

Кемин районундагы “Кемин ынтымагы” коомдук фонду жаңы окуу жылына карата колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдоого салым кошууга демилге көтөрдү. Коомдук фонддун төрагасы Алтынбек Кабаевдин айтымында, акциянын алкагында райондогу үй-бүлөлүк шарты начар, материалдык жактан жетишпеген ата-энелердин балдарына окуу куралдарын камдап беришмекчи.

— “Кемин ынтымагы” коомдук фонду түзүлүп иштеп жатканына беш жылдан ашты. Ошондон бери башкалардын муктаждыгына кайдигер эмес жердештерибиз колдон келген жардамдарын көрсөтүп келишет. Чогулган каражатка ар айдын 15инде өтө муктаж үй-бүлөлөргө бир миң сомдун айланасында азык-түлүк таратабыз. Андан тышкары, актуалдуулугуна жараша иш-чараларды уюштуруп турабыз. Алсак, 1-июнь – Балдардын эл аралык күнүндө райондогу 36 тоголок жетим балага оюн-зоок көрсөтүп, майрам уюштурабыз. Балдарды быйылкы майрамында Орловкадагы эс алуу жайына алып барып келдик. Ал эми Карылар күнүндө айыл аксакалдарына ар дайым белектерди тартуулап, арасында муктаждарына кышында отун-суусун даярдашып, көмүр таратабыз. Кыскасы, жылдын мезгилине жараша жана даталуу күндөргө карата кандай муктаждык болсо, ошого ылайыктап, сөзсүз көмөк көрсөтүүгө аракеттенебиз.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин демилгебизди колдоп, ар дайым салым кошуп келаткан кеминдик азаматтарыбызга алкыш айтып кетким келет, — дейт Алтынбек Кабаев.

МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ МЕКТЕП ҮЧҮН ЖАРДАМ

Кошумчалай кетсек, аталган фонддун мүчөлөрү айлананы көрктөндүрүү, ишембилик өткөрүү, суу чыгаруу сыяктуу жер-жерлердеги көйгөйлөргө да кайдигер карабай, аларды чечүүдө өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтүшөт. Айыл аксакалдары ал үчүн алкыш айтышып, ынтымактары бекемдеп, ыймандуу жаштардын катары көбөйө берсин деп ак баталарын беришүүдө.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер