АКСЫ РАЙОНУНДА 50 ОКУУЧУГА ТЕЛЕВИЗОР АЛЫП БЕРИШТИ

  • 09.04.2020
  • 0

Алыскы Аксы районунун окуучулары аралыктан окууга жапырт киришти. Райондогу мектеп окуучуларынын техникалык жабдууларын аныктоо учурунда 50 окуучу телевизорго муктаж экендиги билинип, мугалимдер өздөрүнүн үйдөгү ашыкча телевизорлору жана мектептеги телевизорлор менен камсыздашты.

АКСЫ РАЙОНУНДА 50 ОКУУЧУГА ТЕЛЕВИЗОР АЛЫП БЕРИШТИ

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмилбек уулу Талантбек бул иштин жүрүшүн өзү тыкыр көзөмөлдөп жатат дейт, райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Уулжан Жанузакова.

«Онлайн окуулар кечээ башталгандан тартып эле бардык мектептер менен байланышта болуп жатабыз. Мугалимдер түштөн кийин сүрөт жана видео материалдарды жөнөтүшүп, кайтарым байланыш толук калыбына келди. Кырдаал көзөмөлдө, өтө деле кыйнаган көйгөй жок, ата-энелер тарабынан да нааразычылык жок азырынча. «Мегаком» жана О! операторлору симкаларды бекер таратып, интернет жана телефон байланышы менен эки ай бекер камсыздайбыз деп жатышат. Билайн оператору да ушундай сунуштарын айтышууда. Учурдан пайдаланып, мугалим журтчулугуна колдоо көрсөтүп, жардам берип жатышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдиргибиз келет. Биздин жер тоолуу аймак экенин билесиздер, айылдарыбыз да ар кандай жайгашкан. Мисалы, бир сайда эки катар жайгашкан үйлөрдүн бир катарында антенна тартса, берки катарында тартпайт. Андыктан, гигиена эрежелерин толук сактоо менен, шартка жараша кырдаалдан чыгып жатабыз»,-дейт Уулжан Жанузакова.

АКСЫ РАЙОНУНДА 50 ОКУУЧУГА ТЕЛЕВИЗОР АЛЫП БЕРИШТИ

Анын айтымында, райондогу М.Сыдыков атындагы орто мектептин директору Кебелбек Камбаров, А.Жолдошев атындагы мектептин директору Бүниса Темирова, Ж.Мавлянов атындагы Кербен инновациялык мектептин директору Айжан Чилетовалар уюштуруучулук менен иш алып барышып, башкаларга үлгү боло алышты.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер