МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ 3400 СЫНАЛГЫ БЕРИЛДИ

  • 29.04.2020
  • 0

Кырызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталгандан бери муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөгө телевизор берилди.

Берилген сыналгыларды аймактар боюнча бөлүп карасак:

 Ош облусу  — 119

Баткен облусу — 663

Чуй облусу — 701

Нарын облусу — 237

Жалал-Абад облусу — 714

Ысык-Көл облусу — 497

Талас облусу — 19

Ош шаары — 423

Бишкек шаары — 30

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө. Бул жумуштар азыр улантылып жатат.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер