МУХТАРБЕК БАЙМУРЗАЕВ: “ИНСТИТУТТУН 80 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ — МИНДЕГЕН МУГАЛИМДЕРДИН ТАГДЫРЫ”
- 31.10.2025
- 0
Бүгүн Бишкекте КР Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун 80 жылдык мааракесине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык симпозиум өз ишин баштады.

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” деп аталган симпозиумга агартуу министринин биринчи орун басары М.Баймырзаев, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы С.Боёнов, Кыргызстан педагогдор коомунун төрагасы Э.Мамбетакунов, Тоо балдары коомдук фондунун директору Н.Тазабеков жана Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү – педагогдор, илимпоздор, мугалимдер, усулчулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышууда.
Салтанатты ачкан агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймырзаев аталган институттун басып өткөн даңазалуу жолуна, аткарган миссиясына токтолду.
— Бүгүн биз билим берүүнүн ыйык чөйрөсүндө улуттун келечегин калыптандырган мугалимдердин борбору болгон Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун 80 жылдык даңазалуу жолун белгилөө үчүн чогулуп отурабыз. Бул жөн гана маараке эмес, бул — кыргыз билим берүүсүнүн тарыхындагы маанилүү белес, муундарды бириктирген руханий булагынын символу.
Институттун 80 жылдык тарыхы бул миндеген мугалимдердин тагдыры, жүздөгөн илимий методикалык жаңылыктардын очогу, элдин жүрөгүнө жол тапкан педагогикалык идеялардын кудуреттүү кайнар булагы. Алгачкы кадамдардан тарта бүгүнкү күнгө чейин институт ар дайым педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүп, заман талабына жооп берген жаңы билимдерге жол ачуу, улуттук нарк-насилди сактоо миссиясын сактап келет. Бүгүнкү тема да өзгөчө мааниге ээ. Анткени дүйнө өзгөрүп, технология өнүгүп жаткан азыркы доордо биз улуттук нарк, маданият жана руханий өзөк аркылуу гана туруктуу билим өзөгүн таба алабыз, — деди.
КРнын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович өзүнүн баяндамасында институттун учурдагы ишмердиги менен кеңири тааныштырды. Андан соң институттун 80 жылдыгына арналган видеоролик көрсөтүлдү.
Эл аралык илимий-практикалык симпозиум пленардык жыйын менен уланууда.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”





Комментарийлер