МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: ФИСКАЛДАШТЫРУУ МАСЕЛЕСИНДЕ БИЗ ҮЧҮН БИЗНЕСТИН ЖАНА КАЛКТЫН КОЛДООСУ МААНИЛҮҮ

  • 05.02.2020
  • 0

Фискалдаштыруу маселесинде биз үчүн бизнестин жана калктын колдоосу маанилүү. Бул таза жана ачык экономиканы колдоо боюнча жалпы элдик акция болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, фискалдаштыруу көп күч-аракетти талап кылган татаал маселе.

«Фискалдаштыруу мыйзам чегинде иштеген ишкерлерди биз колдошубуз керек дегенди билдирет. Бул аткезчилик, контрафакт жана көмүскө экономика менен күрөш. Көп күч-аракет жумшоо керек. Бизди бизнес чөйрөсү, эл колдошу кажет. Бул таза жана ачык экономиканы колдоо боюнча жалпы элдик акция болушу керек. Биз экономикабыз туура багытта кетиши үчүн мыйзамга ылайык пландуу, тыкыр иштерди жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз», — деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, өлкөдө 22 млрд сомго жеңилдик берүү боюнча мыйзамдар бар, анда беренелер көп, лоббирлөө колдоого алынат – бүтүндөй бир тармак бажы төлөмдөрүн жана салык төлөбөйт.

«Мыйзамды өзгөртүү үчүн, силер бизди колдошуңар керек. Биз күн сайын силерге жаңы сунуштарды алып келе бербейбиз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал белгилегендей, авто жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу маселесине тийиштүү чечим кабыл алынды. Ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган унаа камсыздандырылат. Жүргүнчүлүк жана калк пайдаланган башка түрдөгү унааларга карата милдеттүү түрдө камсыздандыруу киргизүү жылдырылат.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер