МУГАЛИМИН УРГАН ОКУУЧУНУН СОТУ
- 23.04.2026
- 0
Эки ай мурда коомчулукту дүрбөлөңгө салган мугалимге кол көтөрүү фактысы боюнча соттук териштирүү уланууда. Кейиштүү окуя Бишкек шаарындагы №83 жалпы билим берүү мектебинде болгон эле.
Чоң талкуу жараткан бул иш боюнча сот отуруму 13-апрелде башталган. 23-апрелдеги кезектеги жыйында психолог адис келбей калгандыктан, ишти кароо 30-апрелге жылдырылды. Азыркы тапта жабыркаган мугалим менен айыпталып жаткан окуучунун ата-энесинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мугалим өзү да окуучунун жаш экенин, анын алдыдагы тагдырын эске алып, кечирим берүүгө даяр экенин жашырган жок.
Бул окуя мугалимдин кадыр-баркы жана коопсуздугу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. 2025-жылдан тарта педагогдорго кол салгандарга карата жоопкерчилик күчөтүлгөн. Мугалим кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда анын ден соолугуна жеңил залал келтиргендерге 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салуу же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган.
Ал эми мугалимди басмырлап, орой сөз айтып кемсинткендер үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин айып пул белгиленген.
Учурда Жогорку Кеңеште Агартуу министрлиги сунуштаган мыйзам долбоору каралып жатат. Анда мугалимди кемсинткендерге салынуучу айып пулду көбөйтүү жана жоопкерчиликти дагы да катаалдатуу сунушталууда.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер