КҮЗ МАЙРАМЫ: ӨЗГӨЧӨЛҮК, ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖАНА ТАЛАНТ
- 18.11.2026
- 0
Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы мектепте күз майрамына карата жогорку класстардын окуучуларынын катышуусунда «Өзгөчө маскарад күнү: класстардын өзгөчө чыгышы» аталышындагы кызыктуу жана көңүлдүү майрамдык иш-чара өткөрүлдү. 
Майрамдын негизги максаты — окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн, сахна маданиятын жана эстетикалык табитин өнүктүрүү, өз ара ынтымакты бекемдөө менен мектеп турмушуна өзгөчө шаң тартуулоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө 8–11-класстардын окуучулары өздөрүнүн фантазиясын, тапкычтыгын жана чыгармачылык дараметин көрсөтүп, түрдүү маскараддык образдарда сахнага чыгышты. Ар бир класстын өзгөчө даярдыгы, оригиналдуу костюмдары жана сахналык көрүнүштөрү көрүүчүлөрдүн купулуна толду. 
Майрамдык программанын алкагында бир катар кызыктуу сынактар уюштурулду. Алардын катарында:
* «Мыкты грим» — өзгөчө макияждарды көрсөтүү;
* «Мыкты форма» — эң оригиналдуу костюмду тандоо;
* «Эң өзгөчө келүү» — чыгармачыл жана кызыктуу чыгыш;
* концерттик номерлер — ыр, бий жана көркөм өнөр;
* көңүл ачуучу оюндар жана бийлер орун алды. 
Сынактардын жыйынтыгында катышуучулар арасында «Эң мыкты грим», «Эң оригиналдуу маска», «Эң мыкты образ», «Эң өзгөчө келүү» жана «Эң мыкты класс» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
8-класстар арасында:
* 1-орун — 8-А класс;
* 2-орун — 8-Б класс;
* 3-орун — 8-В класс.
Ал эми 9–11-класстар арасында:
* 1-орун — 11-класс;
* 2-орун — 10-класс;
* 3-орун — 9-класс.
Жеңүүчүлөргө мектеп директору Айдай Джолчубекова жана калыстар тобунун төрагасы Бакыт Турсуналиев тарабынан Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. 
Майрамдык кеченин соңунда жеңүүчүлөр куттуктап, жыйынтык чыгарылып, бий менен коштолгон көңүлдүү программа уланды.
Бул иш-чара окуучулар үчүн жөн гана майрамдык кече эмес, өз талантын көрсөтүүгө, жаңы идеяларды жаратууга, биргелешип иштөөгө жана мектеп жашоосуна өзгөчө көрк кошууга шарт түзгөн чыгармачылык аянтча болду. 
Иш-чараны уюштурууда 8–11-класстардын класс жетекчилери да активдүү эмгектеништи. Ал эми майрамдык кеченин жогорку деңгээлде уюштурулушуна мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сайкал Азатбек кызы чоң салым кошту.
Сайкал Азатбек кызына жана иш-чараны уюштурууга катышкан бардык мугалимдерге чыгармачылык ийгилик, эмгектерине ийгилик каалайбыз!
Майрамдын шаңы — окуучулардын жүзүндөгү жылмаюуда, ал эми анын көркү — жаштардын таланты менен чыгармачылыгында!
Гульсина Капарова мектебинде мындай мазмундуу иш-чаралар окуучулардын мектеп жашоосун кызыктуу, жаркын жана эсте каларлык көз ирмемдерге байытууну улантууда.
Раяна Рамизова
Аксана Шалтаева